Уголовная психология КЫЛМЫШ-ЖАЗА ПСИХОЛОГИЯСЫ – психология тармагы; укук бузуучунун кертбашынын психикалык түзүмүн изилдейт, т. а., кылмышкердин кертбашы менен мүнөзүн, ошондой эле кылмышка карата анын психикалык мамилесин (жүйөсүн, аңдай билүүсүн, өкүнүүсүн) изилдейт.