|
Туулган жерге укук
|
|
ТУУЛГАН ЖЕРГЕ УКУК – туулгандыгына байланыштуу жарандыкка ээ болуу принциптеринин бири; бул болсо бала өз ата-энелеринин жарандыктарына карабастан, өзү аймагында туулган мамлекеттин жараны болуп каларын билдирет. Т. ж. у-ка көбүнчө АКШнын жана Латынамерика мамлекеттеринин мыйзамдары негизденген. Ошентсе да, Т. ж. у. таптаза түрүндө учурабайт. Эреже катары, Т. ж. у-ту тутунган өлкөлөрдүн мыйзамдарында киндик кан укугуна негизделген жоболор бар. Жарандык жөнүндө КР мыйзамдарынын айрым ченемдери да Т. ж. у-ка негизделген (ошол эле учурда киндик кан укугуна дагы). Анткени, КР аймагындагы баланын ата-энелеринин экөө тең белгисиз болсо да, ал КР жараны болуп саналат.
|