Меню
Эл-Сөздүк

Тоталитардык (төбөлдүк)

ТОТАЛИТАРДЫК (ТӨБӨЛДҮК) (орто кыл. лат. totalis – баары, бүтүндөй, толугу менен) – иш жүзүндө конституцияны, укуктарды жана эркиндиктерди жойгон, коомдук турмуштун баардык чөйрөсүнө мамлекеттин толук (тоталдык) көзөмөлү орнотулганы менен мүнөздөлүүчү саясий режимдин бир түрү. Идеологиялык ар түрдүүлүктүн ордуна бир идеологиянын төбөлдүгү орнотулат, аргандай башкача ойлонуу менен оппозициялык чыгуулар түйүлдүк кезинде эле террордук усулдар менен жок кылынат. Баардык мамлекеттик бийлик өлкөдөгү аскер тартиби орнотулган жападан жалгыз партияга таянган бир кишинин («жол башчынын») колуна топтоштурулат. Сакталып турган демократиялык институттар (парламент, шайлоолор, референдум ж. б.) эч кандай айкын мазмунга ээ болбойт жана үгүттөө максаттарында гана колдонулуучу декорация милдетин аткарат.

Тоталитардык (төбөлдүк)

Тоталитаризм

Примеры переводов: Тоталитардык (төбөлдүк)

Кыргызский Русский
Тоталитардык тарыхы же этникалык чымдалган мамилелүү тарыхы бар өлкөлөрдө мамлекеттик кызматка бирдей жеткиликтүүлүктү кепилдеген так нускоолор бар. Страны с тоталитарной историей или историей этнических напряженных отношений имеют строгие инструкции, гарантирующие равный доступ к государственной службе.
Ислам дининин өз принциптерин тоталитардык жол менен таңуулоого тыюу салгандыгын көрсөтүп бериш оңой эле, бирок аны түшүндүрүп берүү үчүн “биттин ичегисине кан куйгандай” кылдаттык жана зиректик талап кылынат. Нетрудно показать в теории, что ислам не лицензировать наложение религии в тоталитарно-как способ но объяснение этого требует тонкости и понимание.
Бир партиялуу тоталитардык системасынын калдыктарынан арылып жаткан постсоциалисттик өлкөлөрдө партиянын ичинде гендердик режимдерди изилдөө жана мамлекет менен коомдо гендердик теңчиликти өнүктүрүүгө партиялардын тийгизген таасирин иликтөө тажрыйбасы дээ Существует едва ли опыт изучения постсоциалистических стран, которые решили избавиться от своего наследия тоталитарной системы однопартийной, с точки зрения изучения гендерных процедуру внутри партий и влияния партий в продвижении

Примеры переводов: Тоталитардык (төбөлдүк)

Кыргызский Английский
Тоталитардык тарыхы же этникалык чымдалган мамилелүү тарыхы бар өлкөлөрдө мамлекеттик кызматка бирдей жеткиликтүүлүктү кепилдеген так нускоолор бар. The countries with totalitarian history or the history of ethnic tense relations have strict instructions guaranteeing equal access to the civil service.
Ислам дининин өз принциптерин тоталитардык жол менен таңуулоого тыюу салгандыгын көрсөтүп бериш оңой эле, бирок аны түшүндүрүп берүү үчүн “биттин ичегисине кан куйгандай” кылдаттык жана зиректик талап кылынат. It is easy to show in theory that Islam does not license the imposition of religion in an totalitarian-like way but the explanation of this requires some subtlety and understanding.
Бир партиялуу тоталитардык системасынын калдыктарынан арылып жаткан постсоциалисттик өлкөлөрдө партиянын ичинде гендердик режимдерди изилдөө жана мамлекет менен коомдо гендердик теңчиликти өнүктүрүүгө партиялардын тийгизген таасирин иликтөө тажрыйбасы дээ There is hardly any experience of studying post-socialist countries, which are disposing of their legacy of a totalitarian one-party system, from the point of view of studying gender procedure inside the parties and the impact of the parties in promoting

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: