СӨӨККӨ УЗАНУУЧУЛУК |
Сөөктөн ар түрдүү кутучалар кармалат. Чеберлер сөөктүн ички кемиктерин оюп ташташат. Мүйүз жана сөөктөн кыз-келиндердин азем нускаларын жасоодо чеберлер шуру менен күмүш зымдын ар кандай жоон-ичке түрлөрүн эриш-аркак пайдаланышат. Мындай буюмдар кезегинде көп чыккан. Алар мурас катары этнографиялык, мамлекеттик тарых жана сүрөт музейлеринде арбын сакталууда. Бүгүнкү сөөк менен мүйүз чеберлери улуттук мүнөзгө эгедер бир көркөм үлгү түзүүдө оболу анын кейпин кагазга түшүрүп алышат. Ал үчүн сөөктүн, мүйүздүн ар кандай жумурусу тандалат. Азыр талапка ылайык жука сөөк-мүйүздөр өтүмдүү болот. Мындан бардык нерсени каалагандай жасап алууга болот. Сөөктөн азем буюмдардан сырткары бычак сап, ар кандай тээктер, балага шимек, топчу, седеп, ордо томпою өңдүүлөр кармалат да, аны жасоочу аспап-куралдары мүйүзчөлөрдүн аспап-куралдарынан айырмаланбайт. |
Хотите добавить свой перевод для слово: "СӨӨККӨ УЗАНУУЧУЛУК"?
Ввойти