Меню
Эл-Сөздүк

Совместная собственность супругов

Жубайлардын биргелешкен менчиги

Совместная собственность супругов

ЖУБАЙЛАРДЫН БИРГЕЛЕШКЕН МЕНЧИГИ – жубайлар тарабынан никеде турган мезгил ичинде жыйналган мүлк. Ж. б. м-не төмөндөгүлөр кирет: жубайлардын арбиринин эмгектик иш-аракетинен, ишмердик иш-аракетинен алган, интеллектуалдык ишмердигинин натыйжасында түшкөн кирешелери, алар алган бааракы, жөлөкпулдар, ошондой эле атайын максатка багытталбаган башка төлөмдөр (материалдык жардам суммалары, майып болуунун же денсоолугуна башкача залал келүүнүн натыйжасында эмгекке жарамдуулугун жоготкондугуна байланыштуу келген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөнгөн кошунду д. у. с.). Ошондой эле, алардын жалпы кирешелерине сатылып алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр, баалуу кагаздар, пайлар, аманат, салымдар, кредиттик же башка коммерциялык уюмдардын капиталына салынган үлүштөр, жубайлар никеде турган мезгилде жыйнаган аргандай башка мүлктөр Ж. б. м. болуп саналат, мында жубайлардын кимисинин атына алынгандыгы, кимисинин атынан салынгандыгы эсепке алынбайт. Никеде турган мезгилде үй чарбачылыгын жүргүзгөн, балдарды карап-баккан же болбосо башка жүйөлүү себептер менен өзалдынча киреше албаган жубайдын да Ж. б. м-не укугу бар. Ж. б. м-не ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө алардын өзара макулдугу боюнча жүзөгө ашырылат. Жубайлардын бири Ж. б. м-н тескөө боюнча бүтүм түзүлгөндө ал башка жубайдын макулдугу менен жүргүзүп жатат деп эсептелинет. Ж. б. м. тескөө боюнча жубайлардын бири тарабынан түзүлгөн бүтүм башка жубайдын макулдугу болгон эмес деген жүйө менен сот аркылуу жараксыз деп табылышы мүмкүн, мында башка жубай бул тууралуу талап коюшу керек жана бүтүмдүн экинчи тарабы башка жубайдын ушул бүтүмдү түзүүгө макулдугу жок экендиги тууралуу билгендигин же билүүгө тийиш экендигин далилдөө зарыл.

Совместная собственность супругов

жубайлардын биргелешкен менчиги
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Совместная собственность супругов

Русский Кыргызский
частная собственность. жеке менчик
Собственность на землю Жерге менчик
Собственность в лизинг Лизинг учурунда менчикке карата мамилелер
Собственность неприкосновенна. Менчик - колтийгис.
Интеллектуальная собственность Интеллектуалдык менчик
Интеллектуальная собственность ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК
Права на интеллектуальную собственность Интеллектуалдык менчик укугу
Собственность гидротехнических сооружений Суу чарба курулуштарын менчиктөө
инвентаризации Муниципальная собственность Мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестри
Руководство на интеллектуальную собственность Интеллектуалдык менчик боюнча колдонмо
Муниципальная собственность право собственности Мүлккө муниципалдык менчик укугу
Компенсация расходов на собственность возвращается Кайтарып берүүгө тийиш болгон мүлккө кеткен чыгымдардын ордун толтуруу
Товарищество может получить страховку на общую собственность. Жалпы мүлктү камсыздандыруу шериктик тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
Выделение земельного участка в собственность или в пользование Жер тилкесин жеке менчикке же пайдаланууга берүү
Коммунальную собственность бронирования земель заканчивается. Резервациядагы жерлерге болгон коомдук менчиктик аяктайт.
Передача государственного имущества в коммунальную собственность Мамлекеттик менчикти муниципалдык менчикке өткөрүп берүү
Выделение земельного участка в собственность или в пользование на продажу Соодалашуу аркылуу жер тилкесин менчикке же пайдаланууга берүү
Безвозмездном предоставлении земельного участка в собственность или в пользование Жер тилкесин менчикке же пайдаланууга акысыз берүү
Продажа земельного участка в собственность или в пользование должны быть публичными. Жер тилкесин менчикке же пайдаланууга сатуу боюнча соодалашуу ачык жүргүзүлөт.
Участки в общем пользовании населенных пунктов не должны быть выделены в собственность. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери менчикке берилбейт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: