-
сын
-
сын I
1. испытание, экспертиза;
2. критика;
сын жана өзүн өзү сыноо критика и самокритика;
сын так- критиковать;
сын жукпайт или сын тайгылат или сын таккыс или сын тагар жери жок нечего критиковать; нет повода для критики; выше всякой критики;
сында жок совершенный, без каких-либо недостатков;
сынды кысуу зажим критики;
сынды кысуучу зажимщик критики;
сынга ал- подвергать критике;
сынды кабыл ала билиш керек с критикой нужно считаться; критику нужно воспринять;
сынга алын- подвергаться критике;
сын көзүн салып или сын көзү менен карап отнесясь критически; внимательно рассмотрев;
сын жана библиография критика и библиография;
адабий сын литературная критика;
3. внутреннее качество; достоинство;
сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт погов. если даже краска сойдёт с крашеной чашки, качество её не пропадёт (напр. умный человек, лишившись своего положения, остаётся умным);
...сыны бар у него есть качество..., он подобен...;
туйгун куштай сының бар в тебе есть качества ястреба (храбрость и хватка);
колу кыска мал экен, коён сыны бар экен фольк. (этот конь) животное с короткими передними ногами, у него есть качество зайца (может делать большие прыжки);
адам сыны келди он стал человеком;
сынынан кет-
1) подурнеть;
2) потерять человеческий облик, уронить своё достоинство;
сынын кетир-
1) обезобразить, лишить кого-л. приятной внешности, красоты;
2) лишить внутренних достоинств;
ким кетирди сыныңды? кто тебя обезобразил (или опозорил, осрамил) ?
эмне сын? какие могут быть претензии?, какие тут могут быть разговоры?
өзү 1885 жылы салынган үй болсо, анда эмне сын? раз это дом, построенный в 1885 году (т.е. очень давно), то какие же могут быть претензии?
сынга чык- или сынга кел-
1) принять надлежащий вид, хорошо выглядеть (напр. поправившись после болезни);
2) восстановить своё доброе имя;
сынына келип калыптыр он принял надлежащий вид;
сынына тол- прийтись кому-л. по душе, понравиться, полюбиться;
кыздын сынына толгон Саадат болду тот, кто пришёлся девушке по душе, был Саадат;
сынга толгон баланы хан көтөрүп алалык фольк. паренька, который понравится, выберем ханом;
сырт жагынан байкадым, сыныма толду Кожожаш фольк. посмотрела я на внешность, (и) мне полюбился Коджоджаш;
сынга толтур- одобрить; почувствовать симпатию, полюбить;
Каныбектин кызын сыртынан көрүп, сынына толтурду он полюбил дочь Каныбека с первого взгляда (букв. только видя её внешность);
сын кыл- учинить расправу;
адам көрбөс сын кылып, артыкча мүшкүл чыр кылып фольк. учинив невиданную расправу, устроив страшный скандал;
сын атооч грам. имя прилагательное;
сын-сыпат см. сыпат.
сын II
сыным туташып турат я чувствую тяжесть во всём теле, я спины не могу разогнуть (от боли, от холода);
сыны (-м, -н и т.д.) туташып кетти он (я, ты и т.д.) не может (не могу, не можешь и т.д.) спины разогнуть;
сын сөөгу калган (он) худой, исхудавший.
сын III
сындын ташы то же, что сыноо ташы (см. таш I).
сын- IV
1. ломаться, биться;
бычак сынды нож сломался;
колу сынган у него рука сломана;
башы сынды жанчырап голова его разлетелась вдребезги;
бир уйдун мүйүзү сынса, миңиники зыркырайт погов. у одной коровы рог сломается, а у тысячи (коров) мозжит;
2. перен. обанкротиться;
3. перен. оказаться побеждённым, посрамлённым, опозоренным;
сынып турат Сыядат, балбанынан ажырап фольк. лишившись своего силача, Сыядат стоит посрамлённый;
сынганы жок душмандан, сыймыгы бар башында фольк. его не побеждал враг, (поэтому) на голове его счастье;
сөзгө сын- быть побеждённым или посрамлённым в словопрениях;
сөзгө катуу сынып, башын жерге салып будучи побеждён в словопрениях, опустив голову;
сөздөн жыгылып көпкө чейин сынып отурган киши человек, побеждённый словом и сидевший пристыженным;
ак ийилет, кара сынат погов. правда гнётся, кривда ломается;
жаман сынып жүрөт он очень подавлен; он чувствует себя побитым;
башым сынып турат (или баратат) или башым сынып жарылып турат (или баратат) у меня голова разламывается (нестерпимо болит).
-
сын
-
I зат. 1. Бир нерсенин, иштин сапаты же кандай экендиги жөнүндө жүргүзүлгөн талдоо, айтылган пикир, берилген баа. Жолдоштук сын. Адабий сын. Басма сөз — сындын эң күчтүү куралы. («Коммунист»).
2. Сапат, келбет, сымбат. Чу койгондо бөлүнүп, Тулпардык сыны көрүнүп («Эр Төштүк»). Сыны жакшы жигит.
♦ Сынтагуу — бирөөнү сындоо, андан өйдөсүнүп сынга алуу, тыңсынуу. Көйрөң тууган азамат, Көрүнгөнгө сын такпай, Өз турмушун оңдосун (Осмонкул). Буга сын жок — сынга ала турган эч нерсеси жок, сындоонун кереги жок, мыкты, сонун. О кокуй, Акматбекке сын жок, ал өз ишин эң сонун билет («Ала-Тоо)». Сын көз менен кароо — туура жерлери менен кемчилигин ажырата кароо, байкап, сынай билүү. Кайратын көрүп кан Кошой, Сын көзүн анык салганы («Манас»). Бирок кандай, Чоочун жандай, Сын көз менен карашың (Нуркамал). Сын атооч — заттардын белгисин, өңүн, сынын, сыпатын көрсөтүүчү сөз түркүмү. Сында жок — артыкча, тигиндей-мындай деп айтуу кыйын, мыкты, сонун. Улуктугуң сында жок, Төштүк («Эр Төштүк»).
СЫН II: сын сөөк — абдан арыктаган, шалдайып алы кеткен. Аскаларда отурган сын сөөк жорулар мүрлөрүн шалдайтып... айланасын көңүлсүз, жалооруй тиктешти (Аалы). Сыны туташуу — бүткөн бою жазылбай курушуу, күчүн ашы кармоо. Карышкыр сыны туташып, бууруккан сүрү менен ар койду бирден булкуп өлтүрүп кете берет (Жантөшев).
СЫН III этиш. 1. Бүтүн нерсеге сынык пайда болуу, бөлүнүп, ажырап кетүү, бүктөлүп жик кетүү, жарака кетүү. Үйдөй чым асманга учту жер тытылып, Качырап карагайлар жатты сынып (Үмөталиев). Өйдө тартса — өгүз өлөт, ылдый тартса — араба сынат (макал). Устасы жакшы келишсе, Сынган буюм оңолот (Осмонкул).
2. өт. Уят болуп калуу, көңүлү, деми сууп калуу, деси кайтуу; бөөдө чыгымга, зыянга учурап калуу; мүдөөсүнө жете ал, бай уят болуп калуу. Сөзгө сынды. Шагы сынды. Назары сынды. Көңүлү сынды.
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Такое же слова на других языках:
Похожие слова на других языках:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
СЫН