|
Психотропные средства (вещества)
|
|
ПСИХОТРОПТУК КАРАЖАТТАР (ЗАТТАР) (гр. phyche – жан жана tropos – кайрылыш, багыт) – адамдын борбордук нерв тутумуна дем бере турган же кедерин кетире турган табигый жана жасалма заттар. Ал эларалык конвенциялардын тийешелүү тизмесине киргизилген (Психотроптук заттар боюнча 1971-жылкы Женева конвенциясы, Баңгизаттар менен психотроптук заттардый мыйзамсыз таркатылуусуна каршы күрөшүү боюнча БУУ 1988-жылкы конвенциясы). Психотроптук заттардын тийешелүү Улуттук тизмеси КР Өкмөтү тарабынан бекитилет.
|