Меню
Эл-Сөздүк

Номиналдык нарк

1) Сумма, которую должник должен кредитору на какой-либо момент времени. Эта стоимость обычно определяется условиями контракта между должником и кредитором. Она отражает стоимость требования/обязательства при его создании и любые последующие экономические потоки, такие как операции (например, погашение основной суммы), изменения стоимостной оценки (включая изменения обменного курса и другие изменения стоимостной оценки, кроме изменений рыночной цены) и любые другие изменения (например, списания);
2) Сумма, которую в любой момент времени заемщик должен кредитору; величина этой суммы чаще всего определяется исходя из условий контракта между дебитором и кредитором. Номинальная стоимость долгового инструмента отражает стоимость долга на момент его возникновения, а также любые имевшие место экономические потоки, такие как операции (например погашение основной суммы долга), изменения в связи с переоценкой (не зависящие от изменений его рыночной цены) и другие изменения.
С концептуальной точки зрения, номинальная стоимость долгового инструмента может быть рассчитана путем дисконтирования будущих выплат процентов и основной суммы по существующей договорной ставке (ставкам) процента по данному инструменту; последняя может быть фиксированной или переменной. Исходное значение цены, нарицательная величина стоимости денег и ценных бумаг, обычно указываемая на денежных знаках, ценных бумагах.

Номиналдык нарк

1) Карызгер кредиторго кайсыл болбосун убакытта төлөп берүүгө тийиш болгон сумма. Бул нарк адатта карызгер менен кредитор ортосундагы контракттын шарттарында аныкталат. Ал аны түзүүдө талаптардын/милдеттенме-лердин наркын жана операциялар (мисалы, негизги сумманын ордун жабуу), нарктык баа берүүнүн өзгөрүүсү (рыноктук баанын өзгөрүүсүнөн тышкары, алмашуу курсунун жана нарктык баа берүүнүн өзгөрүүсүн кошо алганда) жана кандай болбосун башка өзгөрүүлөр (мисалы, эсептен алып салуулар) сыяктуу кандай болбосун келечекте орун алышы мүмкүн болгон экономикалык агымдарды чагылдырат;
2) Карыз алуучу кредиторго кайсыл болбосун убакытта берүүгө тийиш болгон сумма; бул сумманын өлчөмү көпчүлүк учурда дебитор менен кредитор ортосундагы контракт шарттарына ылайык аныкталат. Карыздык инструменттин номиналдык наркы карыз келип чыккан учурдагы анын наркын, ошондой эле операциялар (мисалы, карыздын негизги суммасын төлөө), кайра баалоого байланыштуу өзгөрүүлөр (рыноктук баанын өзгөрүүсүнөн көз карандысыз) ж.б. өзгөрүүлөр сыяктуу орун алган кандай болбосун экономикалык агымдарды чагылдырат.
Концептуалдуу көз караштан алганда, карыздык инструменттин номиналдык наркы ошол инструмент боюнча колдонулуп жаткан келишимдик чен (чендер) боюнча пайыздардын жана негизги суммалардын келечекте төлөнүшүн дисконттоо аркылуу эсептелиниши мүмкүн. Акыркысы катталган же өзгөрүлмөлүү болушу ыктымал. Баанын баштапкы мааниси, адатта акча белгилеринде, баалуу кагаздарда көрсөтүлүүчү нарктын так өлчөмү.

Примеры переводов: Номиналдык нарк

Кыргызский Русский
нарк Стоимость.
Валюта сатылган нарк. Стоимость, по которой продается торгуемая валюта.
Валюта сатылып алынган нарк. Стоимость, по которой покупается торгуемая валюта.
Эң төмөнкү нарк боюнча тандап алуу. Отбор по наименьшей стоимости
Баарынан аз нарк боюнча тандап алуу Отбор по наименьшей стоимости
Карт ээси эмитентке мурда төлөп койгон нарк сакталып туруучу карт. Карта, на которой хранится стоимость, которую держатель карты заранее оплатил эмитенту.
Инфляция деңгээлине корректировкаланган номиналдык пайыздык чен. Номинальная процентная ставка, скорректированная на уровень инфляции.
Базистик жылдын баасында эсептелинген ИДӨ. Ал номиналдык ИДӨнүн ИДӨ дефляторуна карата катышы катары аныкталат. ВВП, рассчитанный в ценах базисного года. Определяется как отношение номинального ВВП к дефлятору ВВП.
Бул өкмөткө таандык инкубаторлордо көп жолугат, мындай учурларда кардарлардын эсебинен алынуучу кошумча нарк чектелет. Это наиболее часто бывает в правительственных принадлежат инкубаторов, в данном случае, добавленной стоимости для клиентов ограничено.
Инфляциядан “арылтылган” пайыздык чен. Пайыздын номиналдык чени менен инфляция деңгээлинин ортосундагы айырма катары эсептелет. Процентная ставка, "очищенная" от инфляции. Рассчитывается как разница между номинальной ставкой процента и уровнем инфляции
Бирдиктүү насыя портфели сомдук эквивалентинде көбөйгөн, ал эми чет өлкө валютасында берилген насыялар, номиналдык туюнтулушунда азайган. Общий кредитный портфель в сом эквиваленте увеличился, в то время как кредиты, выданные в иностранной валюте в номинальном выражении сократились.
Келишим боюнча сүйлөшүүлөр эң төмөнкү баллдан көбүрөөк топтогон жана финансылык сунуш боюнча эң аз нарк сунуш кылган консультант тандалып алынат. Консультант превышения минимальную оценку и предложить самую низкую цену должны быть отобраны и приглашены на переговоры.
Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, сомдун номиналдык эффективдүү алмашуу курсунун индекси жыл башынан тартып 6,1 пайызга төмөндөө менен 2010- жылдын октябрь айына карата 116,6 түзгөн. По предварительным данным, индекс номинального эффективного курса сома снизился на 6,1 процента в годовом на сегодняшний день и составила 116,6 на конец октября 2010 года.
Номиналдык эффективдүү алмашуу курсунун (НЭОК) төмөндөөсүнө карабастан, өнөктөш өлкөлөрдө инфляция деңгээлинин алда канча төмөндүгү РЭОКту түптөөдө аныктоочу факторлордон болгон. Несмотря на снижение номинального эффективного обменного курса (NEER), тем ниже уровень инфляции в странах-партнерах стал доминирующим фактором для формирования РЭОК.
Экономиканы тескөө министрлигинин болжолдоолоруна ылайык, 2010-жылда реалдуу ИДПнын көлөмүнүн 1,5 пайызга төмөндөөсү күтүлгөн, бул номиналдык түрдө алганда 210,9 млрд. сомго жакынды түзөт. Согласно прогнозу Министерства экономического регулирования, снижение 1,5 процента в объеме реального ВВП ожидается, что составит около 210 900 000 000 сомов в номинальном выражении.
Кароого алынып жаткан мезгил ичинде карыздык милдеттенмелердин жыйындысынын толук наркынын өзгөрүүсүн чагылдырган, рыноктук индексте камтылган көрсөткүч (айкын нарк плюс топтолгон пайыз). Показатель, отражающий изменение полной стоимости совокупности долговых обязательств, входящих в рыночный индекс (чистой стоимости плюс накопленный процент) в течение рассматриваемого периода.
Өлкөдөгү баа деңгээлинин өзгөрүүсүнө кароого алынып жаткан өлкөлөр тобунда соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдөгүгө салыштырганда, өзгөрүүсүнө корректировкаланган номиналдык эффективдүү курс. Номинальный эффективный курс, скорректированный на изменение уровня цен в стране относительно стран-партнеров по торговле, включенных в рассматриваемую группу стран.
Камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн мүлктүн камсыздандыруу наркын камсыздандыруучу ал нарк боюнча атайылап жаңылыштык кетирилгендигин далилдей алгандан башка учурда кийин аны талаша албайт. Страховая стоимость имущества, указанного в договоре страхования, не может быть затем оспаривается страховщиком, за исключением случаев, когда он доказывает, что он был намеренно ввести в заблуждение относительно этой стоимости.
Мында чет өлкөлүк валютада эсептелген бардык маалыматтар отчет түзүлгөн күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы нарк боюнча Кыргыз Республикасынын валютасына кайра эсептелип чыгат. В этом случае валютные показатели будут выражены в сомов по обменному курсу, установленному КР Национального Банка по состоянию на отчетную дату.
РЭОК индексинин төмөндөөсү сомдун номиналдык алмашуу курсунун нарксызданышы жана соода жагынан өнөктөш өлкөлөрдөгүгө караганда Кыргызстанда инфляция деңгээлинин кыйла төмөндүгү менен шартталган. Снижение индекса РЭОК было обусловлено девальвацией номинального эффективного обменного курса сома и более низким уровнем инфляции в Кыргызстане по сравнению со странами торговых партнеров.

Примеры переводов: Номиналдык нарк

Кыргызский Английский
нарк Value.
Валюта сатылган нарк.
Валюта сатылып алынган нарк.
Эң төмөнкү нарк боюнча тандап алуу. Least-cost selection
Баарынан аз нарк боюнча тандап алуу Least Cost Selection
Карт ээси эмитентке мурда төлөп койгон нарк сакталып туруучу карт.
Инфляция деңгээлине корректировкаланган номиналдык пайыздык чен.
Базистик жылдын баасында эсептелинген ИДӨ. Ал номиналдык ИДӨнүн ИДӨ дефляторуна карата катышы катары аныкталат.
Бул өкмөткө таандык инкубаторлордо көп жолугат, мындай учурларда кардарлардын эсебинен алынуучу кошумча нарк чектелет. This is most often the case in government owned incubators, in this case, the value-added to the clients is limited.
Инфляциядан “арылтылган” пайыздык чен. Пайыздын номиналдык чени менен инфляция деңгээлинин ортосундагы айырма катары эсептелет.
Бирдиктүү насыя портфели сомдук эквивалентинде көбөйгөн, ал эми чет өлкө валютасында берилген насыялар, номиналдык туюнтулушунда азайган. Total credit portfolio in som equivalent increased, whereas credits extended in foreign currency in nominal terms decreased.
Келишим боюнча сүйлөшүүлөр эң төмөнкү баллдан көбүрөөк топтогон жана финансылык сунуш боюнча эң аз нарк сунуш кылган консультант тандалып алынат. The consultant exceeding the minimum mark and proposing the lowest price shall be selected and invited to negotiations.
Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, сомдун номиналдык эффективдүү алмашуу курсунун индекси жыл башынан тартып 6,1 пайызга төмөндөө менен 2010- жылдын октябрь айына карата 116,6 түзгөн. According to the preliminary data, the index of nominal effective exchange rate of som decreased by 6.1 percent year to date and amounted to 116.6 as of the end of October 2010.
Номиналдык эффективдүү алмашуу курсунун (НЭОК) төмөндөөсүнө карабастан, өнөктөш өлкөлөрдө инфляция деңгээлинин алда канча төмөндүгү РЭОКту түптөөдө аныктоочу факторлордон болгон. Despite a decrease in the nominal effective exchange rate (NEER), the lower inflation level in partner countries became a dominant factor for REER formation.
Экономиканы тескөө министрлигинин болжолдоолоруна ылайык, 2010-жылда реалдуу ИДПнын көлөмүнүн 1,5 пайызга төмөндөөсү күтүлгөн, бул номиналдык түрдө алганда 210,9 млрд. сомго жакынды түзөт. According to the forecast by the Ministry of Economic Regulation, a 1.5 percent decrease in the volume of real GDP is anticipated, which will make about 210.9 billion soms in nominal terms.
Кароого алынып жаткан мезгил ичинде карыздык милдеттенмелердин жыйындысынын толук наркынын өзгөрүүсүн чагылдырган, рыноктук индексте камтылган көрсөткүч (айкын нарк плюс топтолгон пайыз).
Өлкөдөгү баа деңгээлинин өзгөрүүсүнө кароого алынып жаткан өлкөлөр тобунда соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдөгүгө салыштырганда, өзгөрүүсүнө корректировкаланган номиналдык эффективдүү курс.
Камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн мүлктүн камсыздандыруу наркын камсыздандыруучу ал нарк боюнча атайылап жаңылыштык кетирилгендигин далилдей алгандан башка учурда кийин аны талаша албайт. Insurable value of the property indicated in the contract of insurance may not be then contested by the insurer, except for the cases, when he proves that he had been intentionally mislead concerning this value.
Мында чет өлкөлүк валютада эсептелген бардык маалыматтар отчет түзүлгөн күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы нарк боюнча Кыргыз Республикасынын валютасына кайра эсептелип чыгат. In this case the foreign currency figures will be denominated in Kyrgyz soms based on the exchange rate established by the Kyrgyz Republic National Bank as at the reporting date.
РЭОК индексинин төмөндөөсү сомдун номиналдык алмашуу курсунун нарксызданышы жана соода жагынан өнөктөш өлкөлөрдөгүгө караганда Кыргызстанда инфляция деңгээлинин кыйла төмөндүгү менен шартталган. The decrease in REER index was conditioned by the devaluation of nominal effective exchange rate of som and by lower inflation level in Kyrgyzstan as compared to the trade partner countries.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: