|
Место преступления
|
|
КЫЛМЫШ КЫЛЫНГАН ЖЕР – криминалдык жана кылмыш-жаза-укуктук жактан мааниси бар жосун болгон жер. К. к. ж. тар маанисинде, б. а. түздөнтүз жосун болгон жер жана ал окуяга байланыштуу өзгөрүүлөр болуусу мүмкүндүгү болжонгон жер (кармашуунун изи, кылмышкерге жана курмандыкка тийүү, жугуу, кандын же жашыруун нерселердин изи, колдун манжаларынын тагы, буттун изи, түрүлгөн килем-килчелер, бүлүнгөн же талкаланган нерселер ж. б.) жана кеңири маанисинде – келген жана окуя болгон жерден качуунун жолдору жана жанжакадагы участоктор (кылмыш кылууга, качууга камдануу тууралуу маалыматтар, жоготулган буюмдар, буттардын издери, биологиялык жана минералдык катмарлануулар ж. б.) болуп бөлүнөт.
|