МАНАС МӨҢГҮСҮ МАНАС МӨҢГҮСҮ — Талас Ала-Тоосунун түндүк капталында. Талас суусунун сол куймасы Үрмаралдын алабында жайгашкан; узундугу 4,4 км, аянты 6,4 км2. Эпостун башкы каарманы Манастын ысымынан аталган.