МАЙКАНА — кагылган добуш аркылуу кабар берүүчү чоң коңгуроонун асылып турган жайы. Эпосто да ушул мааниде айтылат:
Ордокана коңгуроо —
Баңдуулуга жеткени,
Майканага туруптур,
Баңдуулусун уруптур,
Каңгыраган добушун
Бир күндүк жер угуптур (Сагымбай Орозбаков, 2. 126).