Меню
Эл-Сөздүк

калдай

калдай I
ист.
калдай (один из чинов администрации синьцзянских калмыков, монголов).
калдай II
южн.
название маленькой хлебной лепёшки;
саар берет бир калдай, кечкурун берет бир калдай - экөө келбейт бир нандай фольк. утром даёт один калдай, вечером даёт один калдай - оба они не составят одной (обычной) лепёшки.
калдай- III
выпячиваться, вздуваться; иметь неуклюжий вид;
калдайган кара бөрүк огромная высокая чёрная шапка;
көктө калдайган кара булут на небе огромные чёрные тучи;
калдайган кара тоо аштык мы перевалили через огромные бесснежные горы;
калдайган калың айыл большой многолюдный аул;
тери калдайып катып калды кожа засохла и покоробилась;
бүркүт калдайып учуп келе жатат неуклюже летит беркут;
калдайып жаткан кара түн тёмная-тёмная ночь;
калдайып атка минди огромный, он взгромоздился на коня.

КАЛДАЙ

КАЛДАЙ (кыт. колдай) — согуштук кенже наам. Манжуриядагы Цин империясынын (18—19-кылымдын башы) административдик башкаруучуларынын мансаптык наамын билдирет. «Манас» эпосунун бардык варианттарында К. негизинен кытай-калмактардын титулдук наамы жана адамдын энчилүү аты катары колдонулат. Ошондой эле мансаптык бул наам энчилүү ысым маанисинде да айтылып, эпикалык душман катарында согуштук окуяларга катышкан каарман болуп сүрөттөлөт. Мисалы, «Карыпчысын байланып, Калдай минер ат экен» (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 63-б.), «Кандырагын салынган, Калдайым келчи жаныма» (Радлов жазып алган вариант, 196). Саякбай Каралаевдин варианты нда:
Кара чоктуу калмактын
Калдайынын уулу элем
Кызыл чоктуу кытайдын,
Кыйынынын уулу элем

— деген контекстте «кара чок Калдай» — кара түстөгү мансаптык белгисин тагынып жүргөн К. аттуу терс каарман маанисинде айтылып жатат.
Э. Абдылдаев

КАЛДАЙ

КАЛДАЙ — эпизоддук кейипкер. Тыргоот Деркенбайдын атасы экендиги гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 257).

калдай

калдай (мансап) (эск.)

калдай

калдай (нан) (диал.)

калдай

калдай, калдаюу, калдаят

калдай

этиш. 1. Далдайып чоң болуп көрүнүү.
2. Ийкемсиз далдайган көрүнүштө болуу. Тери калдайып катып калды.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: