Меню
Эл-Сөздүк

Институт

ИНСТИТУТ (лат. institutum – аныктоо, орнотуу, мекеме) – адистештирилген окуу жайлардын (орто, жогорку, квалификацияны жогорулатуу тармагы ж. б.), ошондой эле илимий-изилдөө мекемелеринин аталышы. И. КР мыйзамдары боюнча – жогорку окуу жайы же университеттин, академиянын түзүмдүк бөлүмү, ал: а) жогорку билим берүүнүн билим берүү программаларын, жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү программаларын ишке ашырат; б) адистерди даярдоону жана кайра даярдоону, жогорку билимдүү кызматкерлердин кесиптик даярдыктарын жогорулатууну, кесиптик ишмердиктин белгилүү тармагы үчүн илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону жүргүзөт; в) адистерди даярдоонун багыттары боюнча фундаменталдык дагы, колдонмо дагы мүнөздөгү илимий изилдөө иштерин аткарат.

институт

институт, институту, институтту

институт

зат. 1. Кээ бир илим-изилдөө мекемелери менен жогорку окуу жайларынын аты.
2. юр. Коомдук өз ара мамилелерди жөнгө салып туруучу закондордун, эрежелердин жыйындысы.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: