Меню
Эл-Сөздүк

зыян

ир.
вред, убыток;
чөптү кор көрсөң (или чөптү кордосоң), көзгө зыян погов. если (даже) к траве будешь относиться с пренебрежением, и то вред глазу (нельзя преуменьшать опасность);
зыян кыл- повредить, принести вред;
зыян тарт- или зыянга учура- понести убытки; быть повреждённым;
он сом зыян тартты он потерпел десять рублей убытка;
зыянга учурат- нанести вред, причинить ущерб.

зыян

  • disservice
  • loss
  • mischief
  • wastage
  • detriment
  • зыян

    damage [‘дэмиж];
    disadvantage [дисэд’ваантиж];
    harm [хаам]

    Зыян

    ЗЫЯН – жарандык укуктагы бир жактын өзүнүн туура эмес иш-аракети аркылуу башка бир жакка карата акчалай келтирген зыяны. Биринчиден, укугу бузулган жактын кайрадан калыбына келтириле турган тарткан чыгымы, ошондой эле анын мүлкүн жоготуу же бузуу (иш жүзүндөгү зыян), экинчиден, эгер милдеттенме өз деңгээлинде аткарыла турган болсо, ал алууга мүмкүн боло турган киреше (колдон чыккан пайда) З. катары түшүндүрүлөт. Жалпы эреже боюнча, карызкор кредиторго келтирилген З. ордун толугу менен толтуруп берүүгө тийиш. Милдеттенмелердин айрым түрлөрү боюнча, мыйзам анын жоопкерчилигин чектеши мүмкүн.

    зыян

    зат. Кандайдыр бир нерсеге же ишке келтирилген кесепет, залал, бузулууга, чыгымга ж. б. кириптер болгондук, тескери таасир. Жалкоо өзүнө гана түгүл, өлкөгө да зыян кылат (Байтемиров). Тишти кордосоң, сөзгө зыян (макал).

    Примеры переводов: Зыян

    Кыргызский Русский
    Зыян үчүн жоопкерчилик Ответственность за ущерб
    Зыян келтирүүдөн эскертүү Предотвращение причинения вреда
    Зыян келтирген жакка регресс укугу Право регрессного против лицом, причинившим вреда
    Зыян келтирүү үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу Страхование от ответственности за причинение вреда

    Примеры переводов: Зыян

    Кыргызский Английский
    Зыян үчүн жоопкерчилик Liability for damage
    Зыян келтирүүдөн эскертүү Preventing Infliction of Harm
    Зыян келтирген жакка регресс укугу Right of Exoneration Against Person Who Inflicted Harm
    Зыян келтирүү үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу Insurance against Liability for Infliction of Harm

    Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
    strtoupper(KG)
    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: