Меню
Эл-Сөздүк

Жергиликтүү салыктар

ЖЕРГИЛИКТҮҮ САЛЫКТАР – өз ишмердүүлүктөрүн өздөрүнө баш ийген аймактарда жүзөгө ашырып жатышкан жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары – жергиликтүү кеңештер аныктаган тартипте жана шарттарда салык төлөөчүлөр тарабынан жергиликтүү бюджетке төлөнүүчү милдеттүү төлөмдөр. Ж. с. жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жеке жана юридикалык жактардан жергиликтүү бюджетке алынуучу салык төлөмдөр тутумунун бир бөлүгү болуп саналат. Ж. с. тизмеси атайын мыйзамда аныкталган жана анда каралбаган башка салыктарды киргизүүгө жол берилбейт. Ж. с. өлчөмү жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет. КР Салык кодексинде төмөнкү Ж. с. белгиленген: а) курорттук салык; б) кыймылсыз мүлк салыгы; в) жарнама салыгы; г) кумаржай салыгы; д) чекене соода жана калкка акылуу кызмат көрсөтүү салыгы; е) пайдаланылбай турган өндүрүштүк жана соода-турмуш тиричилик аянттарынан же алардын бир бөлүгү үчүн салынуучу салык; ж) жергиликтүү символиканы пайдалануу укугу үчүн салык; з) күнөскана шарттарында гүл өстүрүп, элге сатуучу жарандардан алынуучу салык; и) мейманкана салыгы; к) балык уулоо жана аңчылык кылуу укугу үчүн салык; л) алыскы чет өлкөлөргө чыгуучу туристтерден алынуучу салык; м) унаа каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык; н) көрмө салондордон жана көңүл ачуучу-концерттик ишчараларга салык салуу. Чарба жүргүзүүчү баардык субъекттер, чет өлкөлүктөрү дагы, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын аймактарында тигил же бул ишмердүүлүктү жүзөгө ашырып жатышкан жарандар Ж. с. төлөөчүлөр болуп саналышат. Кирешелер; белгилүү товарлардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) баасы; салык төлөөчүлөрдүн айрым ишмердүүлүктү түрлөрүнө укуктары жана мыйзам актылары менен белгиленген жана башка объекттер салык салуунун объекттери болуп саналат. Юридикалык жактар Ж. с. банк мекемелери аркылуу накалай эмес эсептешүү тартибинде төлөшөт. Жеке жактар аларды накалай каражат түрүндө Аманат банк мекемелерине же башка калктан төлөмдөрдү алуу милдети тагылган мекемелерге төгүшөт. Ал каражаттарды салык органдарынын алуусуна жол берилбейт.

Жергиликтүү салыктар

Налоги местные

Примеры переводов: Жергиликтүү салыктар

Кыргызский Русский
Жергиликтүү кеңеш местного кенеша
Жергиликтүү саясат Местная политика
Жергиликтүү кеңештер Местные кенеши
Жергиликтүү бийликтер Местные власти
Сервер/жергиликтүү статусу: Сервер / Местное положение:
Жергиликтүү: саны , суммасы %2 Локально: число,% Сумма 2
Жергиликтүү өзалдынча башкаруу. Местное самоуправление.
Жергиликтүү кеңештер эмне үчүн керек? Почему местные советы нужны?
Төлөм жергиликтүү базадан эле табылды платеж был найден только в местной базе
Жергиликтүү мамлекеттик администрация Местной государственной администрации.
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ МЕСТНОЕ УПРАВЛЕНИЕ
Жогорку Сот жана жергиликтүү соттордон турат. Верховный суд и местные суды.
Төлөм жергиликтүү базада жана серверде бирдей оплата равна в местной базе и на сервере
негизги бөлүгү жеке жана жергиликтүү менчикте Большинство в частном порядке и локально принадлежат
Төлөм жергиликтүү базада жана серверде эки башка оплата различна в локальной базы и на сервере
Арон Хюи: Американын жергиликтүү согуш туткундары Аарон Хьюи: Америка родной военнопленные
Жергиликтүү элдердин укугу боюнча декларация (2007). Декларация о правах коренных народов (2007).
Макулдашууну аткаруудагы салыктар менен төлөмдөр Налоги и платежи, сопровождающие выполнение договора
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы деген эмне? что местное самоуправление?
жергиликтүү маанидеги көчөлөр, көпүрөлөр менен жолдор; улицы, мосты и дороги местного значения;

Примеры переводов: Жергиликтүү салыктар

Кыргызский Английский
Жергиликтүү кеңеш Local kenesh
Жергиликтүү саясат Local Politics
Жергиликтүү кеңештер Local keneshes
Жергиликтүү бийликтер Local Authorities
Сервер/жергиликтүү статусу: Server/Local status:
Жергиликтүү: саны , суммасы %2 Locally: number , sum %2
Жергиликтүү өзалдынча башкаруу. Local self-governance.
Жергиликтүү кеңештер эмне үчүн керек? Why are local councils needed?
Төлөм жергиликтүү базадан эле табылды payment was found only in local base
Жергиликтүү мамлекеттик администрация Local state administration.
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ LOCAL GOVERNMENTS
Жогорку Сот жана жергиликтүү соттордон турат. The Supreme Court and local courts.
Төлөм жергиликтүү базада жана серверде бирдей payment is equal in local base and on server
негизги бөлүгү жеке жана жергиликтүү менчикте majority privately and locally owned
Төлөм жергиликтүү базада жана серверде эки башка payment is different in local base and on server
Арон Хюи: Американын жергиликтүү согуш туткундары Aaron Huey: America's native prisoners of war
Жергиликтүү элдердин укугу боюнча декларация (2007). The Declaration on the Rights of Indigenous Peoples (2007).
Макулдашууну аткаруудагы салыктар менен төлөмдөр Taxes and payments accompanying the execution of an Agreement
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы деген эмне? what is local government?
жергиликтүү маанидеги көчөлөр, көпүрөлөр менен жолдор; streets, bridges and local roads;

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: