Меню
Эл-Сөздүк

Ветераны войны

Согуш ардагерлери

Ветераны войны

СОГУШ АРДАГЕРЛЕРИ – 1) Жарандык же Улуу Атамекендик согуш мезгилдеринде аракеттеги армиянын курамына кирген штабдарда жана мекемелерде, аскер бөлүктөрүндө кызмат кылган аскер кызматчысы, ошондой эле СССРди коргоо боюнча башка аскердик иштерге катышкан партизандар жана жарандык же Улуу Атамекендик согуш мезгилдеринде убактылуу басылып алынган аймактардагы жашыруун уюмдардын мүчөлөрү; 2) Улуу Атамекендик согуш мезгилинде коргоосу аракеттеги аскердин аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлери үчүн белгиленген жеңилдетилген шарттарда бааракы чектөөдө кызмат өтөө жылдарына эсептелүүчү шаарларда кызмат өтөгөн, коргоого катышкан аскер кызматкерлери, анын ичинде запаска (отставкага) чыгарылгандар, ошондой эле ички иштер жана мамлекеттик коопсуздук органдарынын башкаруучу жана катардагы курамы; 3) аскер менен флоттун, ички иштер жана мамлекеттик коопсуздук органдары менен аскерлеринин эркин жалданган курамынын Улуу Атамекендик согуш жылдарында аракеттеги аскердин курамына кирген же болбосо тийиштүү убактарда шаарларды коргоого катышкан аракеттеги аскердин аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлерине жеңилдетилген шарттарда бааракы чектөөдө кызмат өтөө жылдарына эсептелүүчү аскер бөлүктөрүндө, штабдарында жана мекемелеринде штаттык кызматтардагы адамдар; 4) Улуу Атамекендик согуш жылдарында аракеттеги аскердин аскер бөлүктөрүндө, душмандын ооругунда же башка мамлекеттердин аймактарында атайын тапшырмаларды аткарышкан чалгындоо жана контрчалгындоо кызматкерлери ж. б. адамдар; 5) Экинчи дүйнөлүк согуштун учурунда башка мамлекеттердин аймактарында партизандардын, жашыруун топтордун, башка фашисттерге каршы түзүлүштөрдүн катарында фашисттик Германияга жана анын союздаштарына каршы согуштук аракеттерге катышкан адамдар; 6) 1944-жылдын 1-январынан 1945-жылдын 9-майына чейинки мезгилде СССРдин аймагында өкмөттүк күжүрмөн тапшырманы аткарууга катышкан аскер кызматкерлери, анын ичинде эс алууга (отставкага) чыгарылгандар, ички иштер жана мамлекеттик коопсуздук органдарынын жетекчилик жана катардагы курамы, тез ойрондоочу батальондордун, элди коргоо взводдору менен отряддарынын командалык курамы жана жоокерлери; 7) 1941-жылдын 22-июнунан 1945-жылдын 3-сентябрына чейинки мезгилде аракеттеги аскердин курамына кирбеген чегара жана аскер бөлүктөрүндө, мекемелеринде, аскердик окуу жайларында аскер кызматын өтөгөн аскер кызматкерлери, анын ичинде эс алууга (отставкага) чыгарылгандар: 8) Улуу Атамекендик согуш мезгилинде аракеттеги фронттор менен аракеттеги флоттордун оперативдик аймактарынын чектеринде аскер менен флоттун кызыкчылыгындагы милдеттерди аткарышкан ишканалардын жана аскердик объектердин, эл комиссариаттарынын, мекемелердин Кызыл аскердин катарындагылардын абалына которулган кызматкерлери, ошондой эле Улуу Атамекендик согуш жылдарында аракеттеги аскерге командировкага жөнөтүлгөн мекемелер менен уюмдардын (анын ичинде маданият жана искусство мекемелери менен уюмдарынын) кызматкерлери, борбордук гезиттердин, журналдардын, ТАССтын, Совмаалыматбюросунун жана радионун кабарчылары, Даректүү фильмдердин борбордук студиясынын кинооператорлору (кинохроникачылар); 9) Улуу Атамекендик согуш мезгилинде аракеттеги аскер менен флоттун курамына кирген аскер бөлүктөрүндө, штабдар менен мекемелерде полктун уулдары (тарбиялануучулар) катары жүргөн адамдар.
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Ветераны войны

Русский Кыргызский
решение вопросов войны и мира; согуш жана тынчтык маселелерин чечүү;
Это было как раз перед мировой войны Бул Биринчи дүйнөлүк согуштун алдында болгон окуя.
Один говорит об одном конкретном случае войны! Бул учурда согуш жөнүндө сөз болуп жатат!
Правительство Германии сломался в конце войны. Согуш аяктаары менен, Германия өкмөтүнүн таш-талканы чыккан.
Но мы не принимать во внимание условия важного войны. Бирок согуштун олуттуу шарттарын биз эске алынбай калыптырбыз.
Немцы до первой мировой войны были очень умный и очень патриотично. Биринчи дүйнөлүк согушка чейин, немецтер жогорку деңгээлде интеллигенттүү жана мекенчил болушкан.
Это было просто попытка обмануть людей в Германии и за ее пределами Германии о влиянии войны. Бул жөн гана согуштун кесепеттерин немец элине жана чет мамлекеттерге бурмалап көрсөтүү аракети болгон.
Результатом было то, что немецкая бумажные деньги от предварительного мировой войны ухудшилось в цене. Натыйжада, Биринчи дүйнөлүк согушка чейинки мезгилден бери колдонулуп келе жаткан Германиянын кагаз акчасынын баркы кеткен.
Она отвергает милитаризацию государственной жизни, подчинение государства, его деятельности задачам ведения войны. Ал мамлекеттик турмушту аскерлештирүүнү, мамлекетти жана анын ишин согуш жүргүзүү максатына баш ийдирүүнү четке кагат.
Тем не менее, после Второй мировой войны, эти программы были устранены путем сочетания бюджетных и философских проблем. Бирок Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин бул программалар бюджеттик жана философиялык маселелерден улам токтотулган.
3. пропаганду войны, насилия и жестокости, вентилятор национальной и религиозной нетерпимости к другим народам и нациям; 3) согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка, улуттук, диний өзгөчөлүккө жана башка элдер менен улуттарга чыдамсыздык менен мамиле жасоого үгүттөөгө;
Таким образом, вся проблема инфляции был только второстепенное значение для американцев в конце войны за независимость. Демек, Төңкөрүш жылдарындагы бүтүндөй инфляция көйгөйүнөн америкалыктар анчалык деле оор запкы тартышкан эмес.
Был также, например, большая проблема США, наибольшее исторической проблемы для Соединенных Штатов, гражданской войны в 1860-х годах. Мисалы, 1860-жылдары АКШда, тарых баракчаларындагы коогалаңдуу окуялардын катарына кирген Жарандык Согуш келип чыккан.
В одном из сражений, что пророк вели, он сказал своим последователям: "Мы возвращались из меньшей войны в большей войне, к большей битве." Пайгамбар (САВ) башкарган салгылашуулардын биринде, ал (САВ) жактоочуларына мындай дейт: "Биз кичинекей согуштан кайтып, чоңураак согушка, чоңураак салгылашууга бара жатабыз".
Сейчас это невозможно улучшить военную ситуацию или иной страны по инфляции, даже в стране, в которой все материалы, необходимые для войны доступны. Бүгүнкү күнү, жада калса, согуш каражаттары жетиштүү болгон жогору өнүккөн мамлекет үчүн, инфляция жолу менен мамлекеттин аскердик абалын оңдоо мүмкүн эмес.
Двадцать лет спустя, после первой мировой войны, после всех тех вещей, которые случились после войны доктор фон плэнер сказал мне: "Помните наш разговор. Жыйырма жыл өткөндөн кийин, Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин, доктор фон Пленер: “Экөөбүздүн өткөндөгү маегибиз дагы деле эсимде.
К несчастью, эта статья не сказать, что уничтожение сбережений масс был гораздо более серьезный вопрос, чем "известного" войны ведутся теперь на бедность. Тилекке каршы, макалада, элдин басымдуу көпчүлүгүнүн аманаттарынын жарактан чыгып калышы, жакырчылыкка каршы күрөшүүгө караганда бир кыйла олуттуу көйгөй экендиги айтылбаптыр.
Но катастрофа, разрушение этой валюте в 1781 году после Войны, не означает то же самое, что это означало бы лет спустя, когда экономические условия изменились. Бирок Төңкөрүштүк согуштан кийин 1781-жылы бул акча бирдигинин эч нерсеге жарабай калышын жогорудагы кырдаал шарттаган эмес, себеби бул жылдарда экономикалык шарттар башкача болгон.
Во время первой мировой войны, а затем в секунду, правительства Германии и английском, среди прочего, приступили к инфляции как средство финансирования войны. Биринчи, ошондой эле экинчи дүйнөлүк согуш учурунда, Германия менен Британия өкмөттөрү согушту каржылоо каражаты катарында инфляцияны колдонушкан.
Без появлением секуляризма, есть опасения, мы бы до сих пор религиозные войны, до сих пор горят ведьм на костре, и до сих пор считают, что земля является плоский диск. Динден четтөө саясаты пайда болбосо, биз дагы деле диний согуштардан азап чегип, дагы деле көзү ачык аялдарды өрттөп, дагы деле жер тоголок эмес, жалпак деп ойлоп жашап жүрө бермекпиз.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: