|
Валюта саясаты
|
|
ВАЛЮТА САЯСАТЫ – валюта мамилелеринин тармагында мамлекеттик органдар, борбордук банк жана каржы мекемелери, эларалык валюта-каржы уюмдары тарабынан жүргүзүлүүчү экономикалык, укуктук жана уюштуруу чаралары менен тариздеринин жыйындысы; валюта алмаштыруунун базардык жолдорун орнотот, чет өлкөлүк валюталар менен валюта тейиндеги баалуу кагаздардын чегарадан сырткары жана чегарадан ичкери эркин орун которуп жүрүшүн жарыялайт. КР Өкмөтү менен КРУБ бирдиктүү акча-кредиттик жана В. с-н жүргүзүүнү камсыз кылат.
|