Соода-финансылык алмашуу операциясы, анда баалуу кагаздарды, валютаны сатып алуу (сатып өткөрүү) бүтүмүнө келишүү контрбүтүмдү, б.а. ошол эле товарды белгилүү бир мөөнөткө ошол же башка шарттарда кайра сатуу (сатып алуу) келишими менен коштолот. Своп-операциялардын бир нече түрлөрү бар: а) баалуу кагаздарды колдонуу мөөнөтүн узартуу максатында жүргүзүлгөн своп-операция баалуу кагаздарды сатып, ошол эле учурда ушундай эле түрдөгү кыйла узак мөөнөттүү баалуу кагаздарды сатып алууну түшүндүрөт; б) валюталык своп-операция чет өлкө валютасын улуттук валютада тез арада төлөп, кийин кайра сатып алуу шартында сатып алуу; в) алтын менен своп-операциялар алтынды белгилүү бир мөөнөттөн кийин кайра сатып алуу бүтүмүнө келишүү менен накталай берүү шартында сатуу аркылуу жүргүзүлөт; г) пайыздар менен своп-операциялар, бир тарап (кредитор) экинчи тарапка белгилүү бир чен боюнча карыз алуучулардан алынган пайыздарды келишимде белгиленген чен боюнча кайра төлөөнүн ордуна төлөөгө милдеттене тургандыгын түшүндүрөт. Бул контракт боюнча чендердин динамикасын мыкты болжолдогон тарап утушка ээ болот; д) карыздык талаптар каралган своп-операциялар, мында кредиторлор ортосунда келишилген шарттарга ылайык, алар пайыздар менен гана алмашпастан, өз кардарларынын карызынын суммасы менен да алмашышат. “Своп” тибиндеги бүтүмдөрдүн түрлөрү бир операцияга бириктирилиши мүмкүн.