|
Бирлик келишими
|
|
БИРЛИК КЕЛИШИМИ – 1) эларалык укукта эки же андан көп мамлекеттердин келишими, ага катышкандар белгилүү бир кырдаалдарда чогуу, бирдиктүү аракет кылууга милдеттенишет: (м.: согуш болуп калса); 2) бирлик (федеративдик) мамлекет түзүү жөнүндө келишим (м.: 1922-ж. 30-декабрдагы СССР Бирлигин түзүү жөнүндөгү келишим).
|