Меню
Эл-Сөздүк

белек

дар, подарок;
белек-бечкек дары подарки, разного рода подарки.

БЕЛЕК

(Белек-бечкек, сувенир) — «Дагы берген белек» деп, Зумурут көздүү бир шакек» (Сарынжы-Бөкөй). Бирөөдөн бирөөгө арналган сыйлык, эстелик катары сак алуучу буюм. Ал жалаң гана башкалардын сунган белеги менен эле чектелбейт. Кызыктуу кишилерге жолугушуусу, спорттук мелдештер, декада, көргөзмө, фестиваль, кароо-сынак өңдүү купулга толгон көпчүлүк орундарында катышкандыгы жөнүндө эскерип жүрүүгө өзүнө-өзү белек, эстелик катары алган чактары да болот. Белек-бечкектерди чырмак, сайма, оймо аркылуу кармоо азыр укмуштай өнүгүүдө. Алар көбүнчө өнөр жайдык негизде чыгарылууга мүмкүнчүлүк алууда.
      Булардын жердиги адими чийден да, кийизден да, кездемеден да, таардан да, териден да болуп, өнөр жай өндүрүшүнөн жана чеберлердин буюмдарынан түшкөн калдыктарынан да тандалууда. Ооба, буга биринчи ирээт элдик саймачылык, оймочулук, чырмакчылык, түймөчүлүк өнөрү чоң себепкер болууда. Аларга: «баштык», «календарь илгич», «телевизор жапкыч», «туштук» өңдүүлөр менен кошо үйдүн ичине көркөмдүктү өзүндөй ыроолоочу чакан жасалга — утилитардык буюмдары да кошулат. Элдик белек-буюмдарынын көпчүлүгү түймө өнөрү аркылуу кошумча кооздолот жана көркөм оюм-көчөткө жуп катары милдет аткарат.

белек

gift [гифт];
grant [граант];
present [презнт]

белек

белек, белеги, белекке
белек-бечкек

белек

зат. 1. Сыйлык, тартуу. Белек кылып берем деп, Белгилеген үн кана (Аалы). Бейшеке дайыма шаардан белек ала келүүчү (Бейшеналиев).
2. өт. Тукум, медер. Жалгызыңдан бир туяк, Белек калган өңдөндү («Семетей»).

Примеры переводов: Белек

Кыргызский Русский
АКШ коомчулуктун демилгесине көмөк көрсөтүү максатында Белек айылында жайгашкан мектептин ремонтуна грант бөлүп берди США Награды Грант для поддержки общественных инициатива по ремонту: Белек сельской школе
Белек айылында жайгашкан мектептин ремонту жергиликтуу башкаруу органдары тарабынан колдонгон коомчулуктун демилгеси болуп саналат. Школа ремонта Белек является инициативой под руководством общин запущен местных чиновников.
Жогоруда айтып өткөн талкуулонун негизинде Белек айылында жайгашкан мектептин долбоору эң оорчундуу жана коомчулуктун алакалашуусун ошондой эле жарандар менен жергиликтүү башкаруу органдарын кызматташуусун бекемдөөчү маселе катары аныкталды. В результате этих обсуждений, школа восстановление Белек был признан в качестве проекта большое значение, что будет стимулировать участие общин и укрепления партнерских отношений между гражданами и местными органами власти.
1 февраль кунү, АКШынын Өкмөтү эл аралык өнүгүү боюнча Америкалык агенттиги (USAID) аркылуу 168,207 АКШ доллар өлчөмдөгү грантты Чуй облусунун, Сокулук районундагы Белек айылынын коомчулугунун мектеп ремонту боюнча демилгесин колдоо максатында бөлүп берди На 1 февраля, правительство Соединенных Штатов через Агентство США по международному развитию (USAID), получила грант на сумму $ 168 207 для сообщества Белек Сокулукского района Чуйской области для поддержки ремонт сельской школы.

Примеры переводов: Белек

Кыргызский Английский
АКШ коомчулуктун демилгесине көмөк көрсөтүү максатында Белек айылында жайгашкан мектептин ремонтуна грант бөлүп берди U.S. Awards Grant to Support Community-Led Initiative to Repair Belek Village School
Белек айылында жайгашкан мектептин ремонту жергиликтуу башкаруу органдары тарабынан колдонгон коомчулуктун демилгеси болуп саналат. The Belek school renovation is a community-led initiative launched by local government officials.
Жогоруда айтып өткөн талкуулонун негизинде Белек айылында жайгашкан мектептин долбоору эң оорчундуу жана коомчулуктун алакалашуусун ошондой эле жарандар менен жергиликтүү башкаруу органдарын кызматташуусун бекемдөөчү маселе катары аныкталды. As a result of these discussions, the Belek school restoration was recognized as a project of high importance that would encourage community participation and strengthen the partnership between citizens and the local government.
1 февраль кунү, АКШынын Өкмөтү эл аралык өнүгүү боюнча Америкалык агенттиги (USAID) аркылуу 168,207 АКШ доллар өлчөмдөгү грантты Чуй облусунун, Сокулук районундагы Белек айылынын коомчулугунун мектеп ремонту боюнча демилгесин колдоо максатында бөлүп берди On February 1, the United States Government, through the United States Agency for International Development (USAID), awarded a grant valued at $168,207 to the Belek community in Sokuluk Rayon, Chui Oblast to support repairs of the village school.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: