-
БИБЛИОГРАФИЯ
-
БИБЛИОГРАФИЯ (гр. biblion — китеп, grapho — жазам) — басма сөз жана жазма чыгармалар жөнүндөгү маалыматтарды даярдоочу жана таратуучу илимий-практикалык тармак. Б. чыгармаларды издөө, аларды атайын белгилери боюнча топтоо, сыпаттап жазуу, системага салуу, адабияттардын көрсөткүчтөрүн, тизмелерин, баяндамаларын түзүү жана башкалар иштерди аткарат. «Манас» эпосу боюнча эң алгачкы Б. — С. Вельтмандын «Устное народное творчество народов СССР» (М„ 1938, 78-79-б.) аттуу китебиндеги кыскача библиография. 1939-ж. X. Надель түзгөн «Художня література фольклор народов СРСР» (Киев, украин тилинде) аттуу аннотациялуу библиографиялык көрсөткүчтүн берилген кыргыз адабияты менен фольклорунун кыскача Б-сында да «Манаска» байланыштуу адабияттар бар. Е. Р. Бинкевичтин «Устное творчество народов СССР» (М., 1940) деген эмгегинде берилген кыргыз фольклорунун Б-сында «Манас» боюнча адабияттар да көрсөтүлгөн. 1945-ж. «СССР Илимдер акдемиясынын Кыргыз филиалынын кабарларына» (1-чыгарылышы, 151 —166-б.) А. П. Кулаковдун «Кыргызстандын илими жана техникасы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында» аттуу макаласы жарыяланып, ага кошо берилген Б-да «Манаска» байланыштуу адабияттар да көрсөтүлгөн. «Манас» боюнча алда канча толук Б-ны П. Н. Берков менен Э. К. Сагидова түзгөн («Киргизский героический эпос "Манас"», М., 1961). «Манас» эпосу боюнча жарык көргөн монографиялардын айрымдарында да Б-лык көрсөткүч тиркелип берилген. Бирок эпоско байланыштуу адабияттардын атайын Б-лык жыйнагы өзүнчө китеп болуп жарык көрө элек.
С. Төлөгөнова
-
библиография
-
зат. 1. Басылып чыккан материалдарды (китеп ж.б.) тийиштүү тармактар боюнча бөлүштүрүп жана илимий, системалуу мүнөздө баяндоо. - 2. Ушундай баяндоолорду берүүнүн ыгы жана методу жөнүндөгү илим тармагы.
- 3. Айрым бир маселелер, предметтер боюнча чыккан китептер, макалалар тизмеси, алардын топтоштурулушу.
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Такое же слова на других языках:
Похожие слова на других языках:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
БИБЛИОГРАФИЯ