Menu
Эл-Сөздүк

БЕКЗААДА

БЕКЗААДА, Бек заада, Бек зат — бектин баласы, бектин тукуму, теги ак сөөк. «Манас» эпосунда калк башкарган көпчүлүк кейипкерлер Б. деп аталат:
Калк ичинде баркы бар —
Төрө заада төртөө бар,
Кан заададан канча бар,
Бек заададан бешөө бар (Сагымбай Орозбаков, 2. 241).

«Манастын Каныкейди алганы» окуясындагы «Бекер келген мен эмес, Бекер неге жүрсүң деп, Бекзаада айтар кеп эмес» (Сагымбай Орозбаков, 2. 357),— деген саптар Б-нын калкка кадыры өтүмдүү, сыпаа жан экендигин айгинелейт.

бекзаада

bey oğlu, soylu kimsenin oğlu.

бекзаада

бекзаада (эск.)

бекзаада

зат. эс. Ак сөөк бектин тукуму. Бекзаадалар самсышат Балаңа куда болууга («Мендирман»).

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: