Меню
Эл-Сөздүк

БАЛБАН КҮРӨШ

БАЛБАН КҮРӨШ — спорт оюнунун бир түрү; эки балбандын белгилүү тартип боюнча жекеме-жеке кармашып күчтүүсү күчсүзүн жыгышы. Б. к. байыртан белгилүү болгон. Ал элдик оозеки чыгармачылыктагы мотив баатырдык үйлөнүү салтына, башкача айтканда баатыр же балбан кыз менен ага үйлөнүүчү талапкердин жекеме-жеке күрөшүнө байланыштуу чыгышы мүмкүн.
Т. Герцен. Кошой менен Жолойдун күрөшү.
Т. Герцен. Кошой менен Жолойдун күрөшү.
Баатырдык эпостордо чагылдырылган баатырдык үйлөнүү салтында кызга үйлөнүп бүлө куруучу талапкерлер үчүн атайын мелдештер уюштурулган жана кимиси мөрөй алса, ошол үйлөнүүгө тийиш болгон. Талапкерлердин өнөрүн жана күчүн сыноодо көбүнчө салттык үч милдет: ат чабуу, бута атуу, жекече күрөшүү салты мүнөздүү болуп эсептелген. Мына ошол байыркы мелдештин түрлөрү белгилүү даражада «Манаста» сакталган. Көкөтөйдүн ашына көп элдин чакырылышы, алардын келиши, кытай, калмак бир, калган эл өз ара биригип салттык мелдештерди өткөргөндүгү кеңири масштабдуулукта баяндалат. Эпостун негизги варианттарындагы (Сагымбай Орозбаков, СК) «Көкөтөйдүн ашы чоң чатактын башы» гана эмес, бул чоң казаттын алдындагы кыргыз менен кытай, калмактардын күч сынашуусу. Ошондой эпизоддун бири — Б. к. Саякбай Каралаевдин варианты нда Жолой менен күрөшүүгө киши даабай, Манастын өтүнүчү боюнча Кошой чыгат. Күрөшүп күч сынашар алдында Манас атайы даярдалган кандагайды алп Кошойго берип, Кошойдон балалуу бол деген бата алат. Жолойду жыгып, Кошой намыс алат. Экинчи жолку Б. к-кө кытайлардан түктүү таман Түкүбай, кыргыздардан «бүткөн бою тарамыш, чыканактай эр Агыш» чыгып, байгени кыргыз балбаны жеңип алгандыгы айтылат. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча да кытай, калмак тарап күрөшкө Жолой дөөнү салат: «Кедердин уулу Жолой дөө, балбанга чыкты басып жөө». Калк карысы Кошой балбан издеп кыргыздын алптарына, эрлерине кайрылат. Бирок эч кимиси Жолойго даабайт. Манастын өзү дагы «жөө күрөшкө жок элем» деп кемчилигин мойнуна алат. Б. к-кө катагандын кан Кошой чыгат. Бул эпизод этнографиялык багытта айтылганы менен окуя баатырдык пафос менен шөкөттөлгөн. Б. к-түн жүрүшүндө Кошой балбандын «уктап калышы» эпикалык арымы жагынан теңдешсиз айтылган окуя десе болот. Мында Кошойдун балбандыгы, баатырдыгы гана эмес, баарынан мурда бул эпизоддо пластикалык образ көзгө көрүнөт. Жөө күрөштө Жолой балбанды легендарлуу Кошой алп жыгып, кыргыз элинин намысын коргогондугу «Манас» варианттарынын көпчүлүгүндө эмоциялуу поэтизацияланат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында:
Жалпы журт карап туруптур,
Тоодой Жолой балбанды
Томкоруп жерден алганы,
Көтөрүп жерге уруптур (Сагымбай Орозбаков, 3. 26),— деп сүрөттөлөт.

Көкөтөйдүн ашында өткөрүлгөн күрөштүн финалында Жолойду Кошой алптын жыгышы бул бир адамдын эпикалык образы аркылуу бүткүл кыргыз элинин майтарылгыс күчү, жоо бетинде кылар иши берилген. Салттык Б. к-түн финалында алп Кошойдон балбан Жолойдун жыгылышы бул бир адамдын эпикалык терс образы аркылуу баскынчы душман баатырлары канчалык алптын алпы болсо да чечүүчү кырдаалда алардын алсыздыгы, көңдөйлүгү көрсөтүлгөн. Эпостун үлгүсүндө Жолойдун жыгылуусу — жеңилгендикти белгилесе, Кошой алптын Жолойду жыгуусу — анын күчтүүлүгүнүн, нагыз балбандыгынын жана жеңиш ар дайым адилет эл тарабында болорунун ачык-айкын далили. Көптөгөн элдер сыяктуу эле кыргыздарда да Б. к. жана башкалар улуттук оюндар ушул кезге чейин салттык оюн катарында сакталып келе жатат.
С. Алиев


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: