Меню
Эл-Сөздүк

Ассортимент (түркүм)

АССОРТИМЕНТ (ТҮРКҮМ) (фр. assortiment ) – айрым көрсөткүчтөрү (белгилери) боюнча айырмалануучу товарлар менен продукциялардын аркыл түрлөрүнүн тизмеги. А. топтук жана жекелик болуп бөлүнөт. Топтук түркүмгө өндүрүштүк-техникалык багыттагы продукциялар менен эл керектөөчү товарлардын аргандай түрлөрүнүн тизмеги кирет. Жекелик түркүмгө маркасы, тармагы, артикулу , үлгүсү, эни, чени, түсү, сүрөтү ж. б. белгилери боюнча айырмаланган бир түрдүү товарлар менен продукциялардын курамы кирет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: