АКЦЕПТӨӨ – баалуу кагаздарды жайгаштыруу кепилдиги; акцияларды алып-сатууда ортомчу уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн түрү. Өз акциясын чыгарган компания аларды таратуу үчүн белгилүү бир тобокелчиликке даяр бирөөгө берет, ал акциялардын баарын тараталбай калышы мүмкүн.