Меню
Эл-Сөздүк

Аккелте

то же, что Ак келте (см. келте III).

АККЕЛТЕ

АККЕЛТЕ — Манастын мылтыгы. Манас баатырдын А-ге ээ болушу ар кайсы варианттарда ар түрдүүчө берилген: «Алачтан келген Аккелте» (Радлов жазып алган вариант), «Айкожо берген Аккелте» (Сагымбай Орозбаковдун варианты), «Бакай энчилеп берген Аккелте» (Саякбай Каралаевдин варианты). Манастын негизги куралдарынын бири катары А-де да магиялык касиеттер бар. Алсак, А-нин согуш болоор алдында керегеде илинип турган жеринде өзүнөн өзү атылып, оозунан кан таамп калышы. Алмамбет Кытайдан качып келе жатканда А-нин өзүнөн өзү атылышы, же Манас өлгөндөн кийин Абыкенин колунда он эки жыл атылбай калышы жана башкалар Эпиканын салты боюнча баатырлардын жоо куралдарынын баары өзгөчө сапаттарга ээ катары сыпатталат.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: