Меню
Эл-Сөздүк

АКИМ

АКИМ (арабча хаким — ойчул, философ; соңку мааниси — диний жана ак сөөктөрдүн иштерин башкаруучу) — атайы дайындалган же шайланган башкаруучу. Кыргыздарда Кокон кандыгынын тушунда администрациялык аймактардын башында турган адам. А. эпосто кеңири жолугат: «Айтуудан чечен адашты, Акимдердин баарысы, Бири-бирин карашты» (Сагымбай Орозбаков, 3. 136).
«АК-ИНЕКТИН БЕЛЕСИ»— комузчу Асанаалы Кыштообай уулунун «Манастын» обонуна салып чыгарган күүсү. Күүдө Акшумкарын алдырып ийген Семетей Айчүрөктүн артынан барып, Ак-Инектин башында дүрбү салып Акункандын шаарын карап отуруп, Үргөнчтүн боюнда күтүп жаткан Айчүрөктү көргөнү, Тайбуурулду мингизип Күлчорону чалгынга жөнөткөнү баяндалат. Күү автордун өзүнүн аткаруусунда кыргыз үналгысынын фондусуна жазылып алынган.

аким

зат. тар. Башкаруучу, бийлөөчү. Айбыкпастан шер тургандай жанымда Акимдерди шылдың кылып күлчү элем (Үмөталиев).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санаким
Көптүк санакимдер
Синонимдери
губернатор
Байланыштуу сөздөр
акимдик
акимиат
акимчилик
Жөндөлүшү - "аким"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?аким
Илик Кимдин? Эмненин?акимдин
Барыш Кимге? Эмнеге?акимге
Табыш Кимди? Эмнени?акимди
Жатыш Кимде? Эмнеде?акимде
Чыгыш Кимде? Эмнеде?акимден
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?акимдер
Илик Кимдердин? Эмнелердин?акимдердин
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?акимдерге
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?акимдерди
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?акимдерде
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?акимдерден

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: