Menu
Эл-Сөздүк

аффект

м.
аффект (эң эле катуу туталануу жана эң эле бат ачуулануу, келесоолонуу абалы);
в данное время он находится в состоянии аффекта ал азыркы убакытта аффект абалында болуп турат.

Аффект

АФФЕКТ (лат. affectus – жаны ачуу, ачынуу) – катуу, терең кайгырууга байланыштуу сыртынан айкын көрүнүп, аңсезими тайыздап, өзүн-өзү көзөмөлдөөсү басаңдоо менен мүнөздөлгөн адамдын кыска убакыт ичинде кескин өзгөрүп, даана байкалган ал-абалы. А-тин эки түрү бар: физиологиялык жана патологиялык. Физиологиялык А. (жаалдануу, жинденүү, коркуу) психикасына өтө катуу таасир эткенине карабастан, адамды туйгу сезимден таптакыр ажыратпайт жана өз жүрүм-турумун көзөмөлдөп, ага карата жоопкерчилигин сезүүгө жөндөмдүү болот. Физиологиялык А. маалында кылмыш жасаган адамдар кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулбайт, бирок айрым шарттарга байланыштуу жумшартылышы мүмкүн. Патологиялык А. аң-сезимге терең из калтыруу менен, күтүлбөгөн максатсыз жана өтө кооптуу аракеттерге (колсалууга) түртөт. Эгер коомчулукка коркунуч келтирген ишти патологиялык А. абалындагы адам жасагандыгы соттук-психиатриялык иликтөө тарабынан аныкталса, анда ал адам акыл-эси жайында эмес деп табылат.

So following similar words is found:
strtoupper(RU)


Found words in another language:

KG


Found similar words in another language:

KG
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: