-
ҮЛГҮ
-
«Оймочунун жүлгүсү, Ойротко кеткен үлгүсү, Шакегинин жүлгүсү, Шаарга кеткен үлгүсү» (Жеңижок). Бул — көркөм кол өнөрчүлүктө жасалуучу кооз буюмдун кагазга жана башка жердикке (кийиз, кездеме, таар, тери, темир, жыгач, мүйүз) түшкөн түрү. Кооз буюмдун өзүн кайрадан башкага өзгөртпөй көчүрүүсү да үлгү болот.
Урунттуктуу эле буюм-кечелер ошол көркөмдүктүн кайталангыс үлгүсү болуп кала бербейт. Калк кандай кабыл алат. Көзүбүзгө таасын көрүнөбү, буюм айыл аралап, колдон-колго өтөбү, ал эл ичине кеңири сиңип кетсе, ошол нукура өнөрдүн көркөм үлгүсү боло алат. Албетте, ал өзүнүн баштапкы үлгүсүн өзгөртүп, алымча-кошумчаланып, бир нече түрлөнүп кетет да, жараткан чебердин аты жөнү айтылбай, бара-бара унутулуп калат. Мындай көрүнүштүн болушу элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн негизги касиетине жатат. Бул даанышман өнөрүбүз карым-катыш алып, элдин ой-пикирин, акылын, талантын, жашоо-турмушун, көз карашын, зор түйшүгүн баяндап келүүсү аркылуу үлгүнүн кадыр-баркы артылат.
-
үлгү
-
зат. 1. Тигилип же жасалып чыгарыла турган нерсенин, буюмдун калыбы. Бир үлгүдө тигилгендей окшош кийимдер (Сыдыкбеков). Оюунун үлгүсү.
2. Өрнөк, таалим, нуска. Кызылча баккан кыз-келин Зууранын алсын үлгүсүн (Осмонкул). Келечекке үлгү болор Эмгек калсын өмүрлүк (Аалы).
♦Үлгү ырлар – акыл-насият айтуу, тарбиялуу болууга чакыруу маанисинде айтылган ырлар.
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | үлгү |
Множ. число | үлгүлөр |
Склонение по падежам - "үлгү"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | үлгү |
Родительный Чей? | үлгүнүн |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | үлгүгө |
Винительный Кого?, Что? | үлгүнү |
Местный Где?, У кого? | үлгүдө |
Исходный Где?, У кого? | үлгүдөн |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | үлгүлөр |
Родительный Чьи? | үлгүлөрдүн |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | үлгүлөргө |
Винительный Кого?, Что? | үлгүлөрдү |
Местный Где?, У кого? | үлгүлөрдө |
Исходный Откуда?, От кого? | үлгүлөрдөн |
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Үлгү