Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - тегирмен
 

тегирмен

 
мельница;
тегирмен тарт- молоть;
тегирмен таш
1) жёрнов;
2) перен. южн. коленная чашечка;
тегирменге кирген иттей жанч- драть как сидорову козу (букв. колошматить, как вошедшую в мельницу собаку).

тегирмен

 
мельница

ТЕГИРМЕН

 
«Ун чыгарып тегирмен, Упадай ак нан жедирген». (Мидин). Бул — таш буюмдарынын көрүнүктүүсү. Эгинден ун-талкан тартат. Суу барасы аркылуу чуркап турган тегерек кош таштан орнотулган дүкөн. Аны чуркатыш үчүн чеберлер ташын, темирин жана жыгачын тандайт да, оңтойлуу жайын даярдоосу зарыл. Темир таштын үстүңкү бетине келсе, муну «бака» деп коет. Үстүнкү ташты айландыруучу астыңкы ташта «барасы» болот. Анын моюнуна «шимек» орнотулат. Ал «шимек» «баканын» моюнуна илинет. «Бака болсо, ташты шар аккан суу аркылуу тегеретет. «Барага» суунун шары тийгенде, ага күч келип, таш айланат.
      Чеберлер «шимекти» ат арабанын ок темиринен да жасап келишкен. Суу менен жүрүчү тегирмендин ташын айлантуучу бараларды бекиткен жери тегирмендин «күпчөгү» деп айтылат. Ал тоголок тартып турат. Баранын жыгачтан он эки, же он беш калагы болот. Мунун астында узата коюлган жыгачы бар. Бул «турум» деп аталат. Мындан өйдө «ноо» кетет. Ал беш-алты метрге созулат. Бараны жүгүртүү үчүн чакан арык суунун катуу шары белгилүү өлчөмдө болушу керек. Эгер ноо бийиктикте орнотулуп, суу өтө эле шар келсе, жерди бат эле оюп, кум чайкап кетет.
      Мунун кампасы жыгачтан жасалат да, бир куйганда «чымчып буума кап» (бир центнердей) эгин сыят. Анын башы жазы, аягы кууш келет да, төрт буттуу аштамага асылган. Данды өлчөп түшүрө турган калагы болот. Данды аз, арбындатып берүүгө шартташкан анын жиби түркүктөн өткөрүлүп, ал «тээкте» бекийт. Тээк буралса, жип чыйралып, дандын түшүүсү азаят. Тээк бошоңдосо, калак данды арбын берет. Чийки данды майдалоодо көбүнчө жип чыйратылат, куурган данды салууга жип бошотулат. Ошол тээк аркылуу жип бир чыйратылып, бир бошоңдоп турат. Тегирмендин жүрүү темпин аныктоочусун «Тегирмендин шакылдагы» дейт. Тегирмен ташы жаткан жайынан тандалат. Тегирмен такай чуркап турган чакта астыңкы-үстүңкү бетин апта сайын метилеп турбаса, таш жешилип, бүкүлү данды ойдогудай майдалай албай калат. Натыйжада, тегирмен зарыл нерсе. Аны кармоо, такай чуркатуу аракеттерин кайрадан жандандырууга назар ташталууда.
      Тегирмен ташы элүү сантиметр калыңдыкта келет. Астыңкы ташы үстүнкү таштан жукараак жана жеңилирээк болот. Үстүңкү таштын оорураак болушунун себеби, ал данды тез талкалайт. Тегирменчилер жер ыңгайына, суунун шарынын күчүнө карата ташын жасашкан. Айрым чеберлер таштын узунун бир метр, кырк см кылат. Тегирмендин астыңкы ташын кынтыксыз-кыймылсыз кылып, тактай менен кыстара бекитет. Ал эми талкан салган чакта жемди көтөрүңкү таштайт. Тегирмендин шакылдагы катуу жыгачтан жасалат да, ал ташка шакылдап тийип, калаада (кампада) эгиндин калбай калганы жөнүндө белги берип турат.
      Тегирмендин ташы суу боюндагы көмүлүп турган таштан тандалат. Ачык жаткан таш абдан катуу болот да, аны чегүү кыйын. Таш чегүүгө балка менен керки өңдөнгөн эки миздүү балка керектелет. Таш «Г» формасында чегилет. Анын таманы бодурала болот. Төрт бурч аспап аркылуу эгиндин түшкөн жериндеги тегерегин чегет. Учтугуй курч темир балка менен сайын жана чуңкурун оет. Тегирмен таштын бетин кескич менен жымсалдайт. Мыкты тегирмендин ташы минутасына беш жүз жолу айланат.

тегирмен

 
mill II. [мил]

тегирмен

 
[tegirmen]
değirmen

тегирмен

 
değirmen.

тегирмен

 
тегирмен (темирген эмес),
тегирменге
тегирменине суу жүгүрүү

тегирмен

 
mill

тегирмен

 
мельница

тегирмен

 
зат. Эгинди майдалап тартууга (ун, талкан, шак салдырууга) ылайыктап курулган жай. Тегирменге ун салдыруу.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числотегирмен
Множ. числотегирмендер
Склонение по падежам - "тегирмен"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?тегирмен
Родительный Чей?тегирмендин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?тегирменге
Винительный Кого?, Что?тегирменди
Местный Где?, У кого?тегирменде
Исходный Где?, У кого?тегирменден
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?тегирмендер
Родительный Чьи?тегирмендердин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?тегирмендерге
Винительный Кого?, Что?тегирмендерди
Местный Где?, У кого?тегирмендерде
Исходный Откуда?, От кого?тегирмендерден


Хотите добавить свой перевод для слово: "тегирмен"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru