Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - Мазар
 

мазар

 
ар.
1. могила, кладбище;
2. рел. священное место, место паломничества; предмет поклонения;
эл - мазар, элден чыккан азар погов. народ священ, оторвавшийся от народа заблудится;
думананы урса, мазарга барат погов. если побьют нищего, он идёт к священному месту (единственное место, где он может излить свои жалобы);
думана болдум, сен - мазар стих. я стал нищим, ты - моя святыня;
азыркынын мазары - Алооке деген кан көрдүм фольк. я видел хана Алооке - этот предмет преклонения наших дней;
3. этн. священное дерево, священный куст (чаще облепиха, шиповник, которые обычно бывают увешаны лоскутками материи);
мазардын бутагы беле! подумаешь, какая святыня!;
түптүү чынар мазарым, караса, кабак жазарым фольк. (мать, лаская малолетнего сына, говорит) ты мой мощный священный чинар, если посмотреть (на тебя), печаль проходит (букв. веки расправляются);
адөөлөттүү эр болсо, - мазар болгон чынардай стих. справедливый молодец подобен священному чинару;
төө, мазарың менен иши жок (ведь) верблюд - ему дела нет до священного куста (он его объедает как всякий другой куст);
4. перен. мазарым мать (при выражении большого почтения, преклонения).

МАЗАР

 
МАЗАР (арабча товаф — табынуу, сыйынуу) — дин ишениминде мусулмандар сыйынуучу «ыйык» жер (күмбөз, булак, дарак жана башкалар). «Манас» эпосунда кыргыздар ислам динин кабыл алганга чейин шамандык түшүнүктө болгондугун жана мусулман болгондон кийин да шамандык түшүнүктөрдү сактап калгандыгын көрсөткөн материалдар көп. Бул төрөбөгөн аялдын бала тилешинен ачык көрүнөт. «Манас» варианттарынан (Радлов жазып алган вариант, Сагымбай Орозбаковдун варианты) баласыз кыргыздар М-га, куттуу жыгачка жана ата-бабалардын күмбөзүнө барып бала тилеп сыйынганын көрөбүз. Радлов жазып алган вариант боюнча Жакып аялы Чыйырдыны:
Бул Чыйырдыны алганы
Жайы, кышы он төрт жыл
Бул мазардуу жерге сыйынбайт,
Бу алмалуу жерге оонабайт,
Бу арашандуу жерге түнөбөйт (Радлов жазып алган вариант, 12),— деп арман кылат. Ал эми Сагымбай Орозбаковдун вариантында Жакып М-га барып «Мойнуна куржун салынып, Мазарды көрсө бай Жакып, Бакырып ыйлап жалынып» (Сагымбай Орозбаков, 1. 46) жер, сууга сыйынгандан кийин гана Чыйырдынын боюна бүтөт. Демек, М-га, жер, сууга сыйынуу, жердин, суунун ээси бар деген шамандык түшүнүк менен байланышкан.
Кыргыздар балалуу болбосо М-га гана эмес, арашандуу жерге барып, суу боюндагы жыгачтын жанына мал союп түлөө кылып, кудайдан бала тилегени белгилүү. Жер, сууга, жыгачка сыйынуу «Манас» эпосунда гана эмес башка элдердин да эпосторунда кездешкен, байыркы убактардан бери келаткан расмий экендиги байкалат. Жакыптын «мазарлуу жерге барып, Чыйырды сыйынбайт» дегени куттуу жыгачка ишенген шаманчыл якуттардын куттуу жыгач түбүндө кылган шамандык эм-домунан эч айырмаланбайт, ага жакындайт. Баласы жок -аялдын жер, сууга тайынганы 10-кылымдагы «Коркуд Ата» эпосунда да кездешет. Эпостогу жомоктордун биринде баласы жок аял бала бер деп жер, сууга арнап суу чачат («Коркуд Ата», Баку, 1950, 115-б.). Башка диний түшүнүктөр сыяктуу эле ата-бабалардын күмбөзүнө барып сыйынуу мотиви «Семетей» эпосунда да сакталган. «Ак күмбөз тайып келүүгө Атасы Манас арбагы Акбоз бээ атап берүүгө (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 287) барган учурда Семетей баатыр кайып болгон же өлүмгө учураган. Кыскасы, М-ларга же ата-бабалардын күмбөзүнө барып сыйынуу байыркы доорлордон бери келген ата-бабалардын арбагын сыйлоо расмиси болуп саналат.
С. Алиев

мазар

 
[mazar]
mezar

мазар

 
мазар
мазар басып келген
мазар таюу (дин.)

Мазар

 
Мазар – (ар. товаф – табынуу, сыйынуу) – дин ишениминде мусулмандар сыйынуучу «ыйык» жер (күмбөз, булак, дарак ж.б.). «Манас» эпосунда кыргыздар ислам динин кабыл алганга чейин шамандык түшүнүктө болгондугун жана мусулман болгондон кийин да шамандык түшүнүктөрдү сактап калгандыгын көрсөткөн материалдар көп. Бул төрөбөгөн аялдын бала тилешинен ачык көрүнөт (Манас энциклопедиясы, 2-т. – Б.: Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. «Мурас» илимий пропагандалык ишкер долбоору, 1995. 389-б.).

мазар

 
зат. 1. дин. Сыйынуучу ыйык жер. Бир ишарат болор деп, Мазарга барып түнөдүм (Турусбеков). Мазардын кара суусуна Жаралуу бутту малалык («Эр Табылды»).
2. Мүрзө, бейит. Куураган мазарга барып куран окуп келип турасыз (Жантөшев). Балалуу үйбазар, баласыз үймазар (макал).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числомазар
Множ. числомазарлар
Склонение по падежам - "мазар"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?мазар
Родительный Чей?мазардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?мазарга
Винительный Кого?, Что?мазарды
Местный Где?, У кого?мазарда
Исходный Где?, У кого?мазардан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?мазарлар
Родительный Чьи?мазарлардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?мазарларга
Винительный Кого?, Что?мазарларды
Местный Где?, У кого?мазарларда
Исходный Откуда?, От кого?мазарлардан


Хотите добавить свой перевод для слово: "Мазар"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru