Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - БАРАҢ
 

бараң

 
бараң I
ир.
(в эпосе) пистонное ружьё
(в отличие от кремнёвого и фитильного; встречается с различными определениями: ак бараң, көк бараң, кара бараң, сыр бараң - такие определения, видимо, объясняются внешней отделкой ружья);
бараң эмес, милтелүү кара мылтык не пистонное, а простое фитильное ружьё;
Алмамбеттин сыр бараң айдалыга илди эми фольк. блестящее ружьё (богатыря) Алмамбета он повесил за плечо.
бараң II
ир. уст.
сорт лёгкой материи;
бараңдан кылган көк чепкен фольк. из бараң'а сшитый синий чепкен (см.);
кашгардын бараң чепкени плотная кустарная хлопчатобумажная ткань.
бараң III
таш бараң см. ташбараң.
бараң IV
парное к үрүң, үрөң (см. үрүң) и к ирең (см. ирең II).

БАРАҢ

 
«Балдары бараң аткан жер, Баракатта жаткан жер» (Токтогул). Бул — оозунан дүрмөттөлгөн, найы узун сайлуу, шыйрактуу мылтык, усталардын колунан чыккан кыргыз мылтыгы. Шыйрак коюлуп, сай чыгарылат. Мунун илгери «алма баш», «көк жал», «тыргоот», «ак бараң», «чаар бараң», «алты сай», «кара келте» өңдүү түрлөрү болгон. Бараң ар кандай формада, узун-кыска жасалышына карата мына ушундайча айтылат.
      Мылтык үчүн темирдин орточо жашыгы керектелет. Бирок, бараңдын түтүгүнүн (стволу) учуна төрт элидей ак курч темирден улап ширеткен. Дары тээп, окту чыгарып баратканда ошол ак курч темирге жеткенде музга тайгандай ок ого бетер катуу тебе чыгат. Атылган ок алыс учушу үчүн, ошентип, мылтыктын учун тарттыра жасайт. Бараңдын түтүк темиринин ичине оңдон-солго карай эки-үч айлантып, сай салат. Бул буралып, октун окторулуп алыс кетээрине шарт түзөт. Демек, адегенде темирди карышкарыш кертип, текши кетип, аларды жалпак чозуп алат. Мунун калың-жукасы бирдей келет. Катуу темирди төрт эли жумуру жасап, анын ийилбеши үчүн сугарып алат. Темирдин узун-кыскасына карай жалпак чозгон темирди шакекче кылып кызартып, ошол төрт эли темирге орнотот. Темирдин узун-кыскасына карай төрт эли темирден 8—9—Юго чейин жасап алат. Буларды көрүккө салып, бири-бирине улай кынтыксыз ширетет.
      Албетте, буга өтө таптуу чычырканактын жана арчанын көмүрү гана жарайт. Мунун ичин эки жаак тепме өгөөнү темир сүмбөнүн (мылтыктын темир түтүгүнүн сайын тазалай жана майлай турган курал) башына ороп алып, ичин түздөө үчүн, ушинтип тартат. Ичин биротоло жыпжылма кылышка кум сүргү тартылат. Оттук ташты, май ташты, чарык ташты, кайрак ташты таап алып, аларды аралаштыра майдалап, ага аз-аз айнек кошуп, торко электен өткөрөт. Муну колдон жасалган сары желим менен кездемеге «ичирет», ширетет.
      Табылгыдан, ыргайдан мылтыктын ичине кенен баткыдай сүмбө жасалат. Тигил кум сүргүнү ушунун быдырлуу башына ороп, анын ичине кум сүргү тартат. Мылтыктын ичине сүрүлүп-чийилип баткыдай үч кыр өгөө калыбында курч темирден сай салгыч жасап, мунун кырын анча-мынча тектир кылат. Тектирдин башын оңго-солго бир тарапты көздөй бурап коет. Эми он чакты кыска темир сүмбөдөй калтекче жасап, аны түтүкчөнүн ичине жеңил балка аркылуу бири-бирине куудуруп-шишкектетип уруп отурат. Түтүктүн башына чыкканда анын ичине кадимкидей сай түшүп калат. Анан эки ачакей темирден тепме сүмбөнүн (бүлөө ташты торко элекке элеп, желимге ичирип алуу) башына ороп, түтүктүн ичин бүлөгөндө ал жылтылдай түшөт. Ал жеңил жана бышык болгондуктан кызыл табылгыдан тандалат. «Келтенин огу кетпеген, Бараңдын огу батпаган» («Сейтек») — деп айтылат.
      Бараңдын кундагы, шыйрагы ыргай менен чыргайдан (ал көк жашыл келип, ыргайдан айырмаланат) жасалат. Мылтыктын башына оолан толгойт. Башы бурама келип, бир башын бурама аркылуу кундакка чебер бекитет.
      Ооландын жалына чүрпө салынат. Мунун түтүкчө тешигинин башына мистөөн бекийт. Ага туташ келип, жаак жатат да, бириктирген бараңдын балкасы орун алат. Алдында илгич болуп, аны шыкаалап тартканда балка мистөөндү чабат. Мистөөн от алып, дарыны күйгүзүп, ал окту айдап чыгат. Анан усталар чарык жип менен тактайга кадимки танап тарткандай түп-түз кароол жасайт.

БАРАҢ

 
БАРАҢ (арабча-иранча — ференг, паранги) — этноним. Ошондой кылымда мусулман чыгышында элдер европалктарды ушундай аташкан (байыркы европалык этноним «франктын» өзгөртүлүп айтылышы). Эпосто кыргыздардан алыста жашаган эпикалык эл катары айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас Б. каны Балтаматты жеңгени өзүнчө чакая эпизод катары сүрөттөлөт. «Көкөтөйдүн ашында» Б-дын канына да башка элдер менен катар кабар айтылат: Молдобасан Мусулманкуловдун вариантынын «Семетей» бөлүмүндө Семетей менен араздашып, андан өч алууну ойлогон Чынкожо Б-дын каны Балтаматка жөө тентип барып, кызматын кылып, ишеничине кирип, алты жылдан кийин канаттуу кара атын, алты атар мылтыгын уурдап качканы айтылат. Саякбай Каралаевдин варианты нда «маңдайында бараң бар, балталашчу душман далай бар» — делип кыргыздын жоосу катары эскерилет.

БАРАҢ

 
БАРАҢ (арабча-иранча — паранги, франки) — мылтыктын аты. Милте менен от алдырган сайлуу мылтыктын бир түрү. Эпосто Б. «ак бараң», «сыр бараң» формаларында да сыпатталат. Б-дын түпкү теги «Франк мылтыгы» менен байланышып, ал адегенде түндүк Африкага, андан Алдыңкы Азияга, ошондой эле Орто Азияга (өзбектерге — фаранги милтик, кыргыздарга — Б. формасында) таралып, жоокерчиликте жана мергенчиликте урунган. Эпостогу «милтелерин чоктошуп, мылтыктарын октошуп» деп сүрөттөө милте коюп, дарысы, огу оозунан дүрмөттөлүп атылма Б. мылтык жөнүндө кабар берет. Б. «Манас» эпосунда башка жоо куралдары сыяктуу эле кеңири планда сүрөттөлөт. Азыр Б. мылтыгы музейлерде гана кездешет, к. Аккелте.

бараң

 
бараң (мылтык) (фольк.)

бараң

 
бараң (кездеме) (эск.)

бараң

 
бараң: ирең-баран, үрүңбараң

бараң

 
I зат. эс. Милте менен эмес, пистон менен атылуучу эски мылтык.
БАРАҢ II: үрөң-бараң же ирең-бараң — таң атып келаткан учур, көзгө нерселер элес-булас болуп көрүнгөн маал. Иреңбараң таң сөгүлгөн, Чолпон чогу төгүлгөн (Бөкөнбаев). Ала-Тоо көшүлүүдө. Аскалары үрөң-бараң тартып, каалгып үргүлөшөт (Сыдыкбеков).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числобараң
Множ. числобараңдар
Склонение по падежам - "бараң"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?бараң
Родительный Чей?бараңдын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?бараңга
Винительный Кого?, Что?бараңды
Местный Где?, У кого?бараңда
Исходный Где?, У кого?бараңдан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?бараңдар
Родительный Чьи?бараңдардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?бараңдарга
Винительный Кого?, Что?бараңдарды
Местный Где?, У кого?бараңдарда
Исходный Откуда?, От кого?бараңдардан


Хотите добавить свой перевод для слово: "БАРАҢ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru