Меню
Эл-Сөздүк

Өкмөт

ӨКМӨТ – мамлекеттин коллегиялуу жогорку аткаруу органы. Аркайсы өлкөлөрдө аргандай аталат: Министрлер кеңеши (Франция, Италия, Польша), Министрлер кабинети (Улуу Британия, Өзбекстан), Мамлекеттик кеңеш (Кытай) ж.б.д.у.с. Ө. партиясыз, бир партиялуу жана коалициялык болушу мүмкүн. Ө-тү түзүүнүн тартиби башкаруу таризине жараша болот. Парламентардык өлкөлөрдө ал мамлекет башчысынын тапшыруусу боюнча бир палаталуу парламентте же эки палаталуу парламенттин төмөнкү палатасында көпчүлүктү түзгөн партиянын лидери (коалициялык Ө-тө партиялардын биринин лидери) тарабынан түзүлөт. Президенттик республикаларда (мындай орган конституциясында каралган мамлекеттерде) Ө. президент тарабынан түзүлөт, мында ал дайындаган арбир Ө. мүчөсү бир катар өлкөлөрдө (Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан) парламентте бекитилиши керек. Ө. мүчөлөрү (министрлер, портфелсиз министрлер, мамлекеттик министрлер, мамлекеттик катчылар ж. б. у. с.) дайындуу борбордук ведомстволорду жетектешет, парламенттик өлкөлөрдө адатта парламенттин мүчөсү болушу керек, ал эми президенттик (жарым президенттик) республикаларда министрлик портфель менен депутаттык мандаттын сыйышпастык принциби колдонулат. Парламенттардык мамлекеттерде Ө. парламент алдында (эки палаталуу парламентте – төмөнкү (кичи) палатанын алдында) коллегиалдуу жоопкерчилик тартат. Бул парламенттик көпчүлүк болбой калганда (м.: өкмөттүк коалиция ыдыраганда) Ө. кызматтан четтөөгө (бул өкмөттүк кризистин башталышын билдирет), же болбосо парламентти таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого милдеттүү экенин билдирет. Федеративдик мамлекеттерде борбордук (федералдык) Ө. жана федерациянын курамына кирген мамлекеттик түзүлмөлөрдүн (штат, провинция) Ө-төрү болот. Ө. өзүнүн толук курамында иш жүргүзүшү мүмкүн, же Ө. башчысы тарыраак (чакан) коллегия түзөт (кабинет – Улуу Британия, Индия ж. б. өлкөлөрдө).

өкмөт

өкмөт (өкүмөт, өкүмат
эмес) өкмөтү, өкмөттү
өкмөт башчысы
өкмөт бийлиги

өкмөт

зат. 1. Түздөн-түз башкаруу иштерин жүргүзүүчү мамлекеттик бийликтин башкаруучу жана аткаруучу жогорку органы. Революциялык өкмөт. Буржуазиялык өкмөттүн мүчөлөрү.
2. сүйл. Бийлик. Бардык ишти жана өкмөттү колго алуу эр азаматтын милдети эмеспи (Жантөшев).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санөкмөт
Көптүк санөкмөттөр
Синонимдери
бийлик
администрация
Байланыштуу сөздөр
депутат
жарлык
Жөндөлүшү - "өкмөт"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?өкмөт
Илик Кимдин? Эмненин?өкмөттүн
Барыш Кимге? Эмнеге?өкмөткө
Табыш Кимди? Эмнени?өкмөттү
Жатыш Кимде? Эмнеде?өкмөттө
Чыгыш Кимде? Эмнеде?өкмөттөн
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?өкмөттөр
Илик Кимдердин? Эмнелердин?өкмөттөрдүн
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?өкмөттөргө
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?өкмөттөрдү
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?өкмөттөрдө
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?өкмөттөрдөн

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: