Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - уч
 

уч-

 
уч-, учту
учуп-күйүп

уч

 
уч (зат а.), учу, учту

уч

 
уч: эс-уч

уч

 
I зат. Кандайдыр бир нерсенин бүткөн жери, эң баш жагы, жогору жагы, кылда башы, чети. Тенти карандашынын учу менен партаны тыкылдатып, балдарды тартипке чакырды (Бейшеналиев). Бүбүш жеңинин учу менен маңдайындагы терин сүрттү («Ала-Тоо»).
Калем уч к. калем 1. Ооз учунан жооп кайтаруу — көңүлдөнбөй, арсарсып туруп, араң эле жооп берүү. Ооз учунан жооп кайтарды. Учуна чыгуу — аягына чыгуу, түгөтүү, жок кылуу. Малдын учуна чыкты. Тил учунда — айтайын дегенин айтпай калуу, токтотуп коюу. Ал тамашасын тилинин учунда токтотту (Сыдыкбеков). Көз учунда — алыста, кыжеткен жерде; көз алдында. Көк муз жамынган төрлөрү да көз учунда мелтирейт (Сыдыкбеков). Ашым көз учунан жамыратып, дептерди кайра барактады (Сыдыкбеков). Учу-кыйыр к. кыйыр. Учу узарууиши илгерилөө, жакшылыкка жетүү, укум-тукуму көбөйүү. Учуң узарсын кагылайын! Эмгек учуңду узартып, уругуңду көбөйтөт! (Жантөшев).
УЧ II: эс-учун жыюу к. эс I.
УЧ III этиш. 1. Асманга, абага көтөрүлүү (мис., канаттуулар, самолёт ж. б.) Карагай-Булак, Чоң-Ак-Суу, Көлдөн учту көп ак куу (Сыдыкбеков).
2. Тез чуркоо, тез жүгүрүү, тез жүрүү. Туяктын чаңы буркурап, Тулпарым учат зыркырап (Аалы).
3. Тез өтүү (мис., мезгил, убакыт). Күндөр учту, балапандай шакшадың, Класстардан класстарга аттадың (Аалы). Учат-учат аяңдабай, Өмүр деген дилгирем (Аалы).
4. Жыгылып түшүү, кулап түшүү, ыргып кетүү. Зоодон учкан ошол күнку Кара мерген эсимде (Аалы). Көк сүлөөсүн кундуз бөрк, Учуп түштү баштагы («Манас»).
5. Алга карай умтулуу, тез илгерилөө. Күндөп гүлдөп алгалап, Темптер менен учабыз (Аалы).
6. Эргүү, толкундануу. Кыялы учту. Көңүлү көккө учту.
7. өт. Өлүү. Күкүгүм учту элимден, Күлпөтүм кетти жеримден (Токтогул).
Көздөн учуу к. каз. Жүрөгү алып учуу — жүрөгү токтоно албоо. Жүрөгүм алып учуп, уктагым келбеди (Жантөшев). Куту учуу — 1) бакты-таалайы кетүү, иши кыйшаңдоо; 2) абдан коркуп кетүү, үрөйлөнүп, өңү өзгөрө түшүү. Учуп-күйүү — кандайдыр бир нерсеге катуу шашуу, жан алакетке келүү, өтө тез кыймылдоо же өтө капа болуу. [Койчу] учуп-күйүп барып, чаначына суу алып келип,.. алоолонто от жакты (Сасыкбаев). Үрөйү учуу — абдан коркуп кетүү, коркуп, өңү өзгөрө түшүү. Эки жолдошу аны [Кычанды] бул абалдан кутказмак турсун, өзүлөрүнүн үрөйлөрү учту (Бейшеналиев). Экинчи жолу, жигиттер, кымыз куйганда үрөйүм учту (Абдукаримов). Окко учуу — ок тийип өлүү, октон өлүү. Айткулу үркүндө окко учкан (Баялинов). Аты окко учкан башы аман Жаралуу болгон далай жан («Манас»).

Найти все переводы слова "уч" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "уч"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru