Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - уч
 

уч-

 
I. fly [флай]

уч-

 
уч-, учту
учуп-күйүп

уч

 
уч I
1. конец, остриё;
таяктын учу острый конец палки;
найзанын учу остриё копья;
найза учунда турасың фольк. тебя вот-вот прикончат;
кулактын учу мочка уха;
калем уч перо (для письма);
2. редко, то же, что учук II 1;
учуң узарып, уругуң көбөйсүн! желаю, чтоб род твой продолжался и множился!;
учу узарып, көктөп өссүн! пусть род его продолжится и благоденствует!;
ооз учунан жооп кайтарды он ответил только для видимости;
ооз учунан айт- сказать, чтобы только отделаться;
көз учунан беглым взглядом;
учуна жет- исчерпать;
бул өңдүү фактыларды көрсөтүп, учуна жетүү кыйын, эң көп исчерпать подобные факты очень трудно, их много;
кептин учуна чык-
1) закончить свою речь;
2) сдержать своё слово, исполнить своё обещание;
кептин учуна чыкпады
1) он не закончил свою речь;
2) он не сдержал своего слова, не выполнил обещания;
атасынан калган малдын учуна чыкты он промотал скот, оставшийся от отца;
сары убайымдын учуна чыга албай келе жатат он никак не может отделаться от горестных мыслей;
окуянын учу-кыйрына жете албады он не мог глубоко, до конца разобраться в событиях;
ант учуна чыкты он нарушил клятву от начала до конца;
көздүн учунда вдали, куда едва глаз достаёт;
тилимдин эле учунда турат вертится вот на языке;
жең учу менен суйлөш- (о маклерах на базаре) договариваться о цене, держа другого за руку в рукаве и отсчитывая по пальцам (см. уучташ-, жең I);
учу-кыйыры жок бескрайний, необъятный;
учу-кыйрына көз жетпеген улуу Родинабыз наша необъятная великая Родина;
эл учу-түбү чогулган собрался весь народ от мала до велика;
калемдин учу менен росчерком пера.
уч II
эс-учу жок см. эс I.
уч- III
1. летать, лететь;
учуп кел- прилететь;
учуп кет- улететь;
асмандап уч- или оболоп уч- летать высоко;
дайрып уч- взмыть;
калкып уч- парить плавно;
кайпып уч- лететь бреющим полётом;
2. перен. (только о детях) умереть;
учуп кетти (ребёнок) умер;
3. стираться, выцветать (о красках); сохнуть, желтеть, жухнуть (о растениях);
боёк учуп, жок болуп калды краски (от времени) стёрлись;
чөп учуп кетти трава (при внезапной засухе, при суховее) посохла;
тоодон уч- свалиться с горы;
окко уч- быть застреленным; погибнуть от стрелы, от пули;
алып учкан кыял пылкое воображение;
көздөн уч- быть предметом большого желания;
көзүнөн акча учуп калды он очень нуждается в деньгах;
жакын туугандан көзү учуп, жалгызсырап жүрөт он чувствует себя одиноким, тоскуя по близким родственникам;
учуп-күйүп стремительно, энергично;
учуп кал- слететь (с места, с должности).

уч

 
острие

уч

 
spearheads

уч

 
I. tip [тип]

уч

 
uç.

уч

 
uç.

уч

 
уч (зат а.), учу, учту

уч

 
уч: эс-уч

уч

 
I зат. Кандайдыр бир нерсенин бүткөн жери, эң баш жагы, жогору жагы, кылда башы, чети. Тенти карандашынын учу менен партаны тыкылдатып, балдарды тартипке чакырды (Бейшеналиев). Бүбүш жеңинин учу менен маңдайындагы терин сүрттү («Ала-Тоо»).
Калем уч к. калем 1. Ооз учунан жооп кайтаруу — көңүлдөнбөй, арсарсып туруп, араң эле жооп берүү. Ооз учунан жооп кайтарды. Учуна чыгуу — аягына чыгуу, түгөтүү, жок кылуу. Малдын учуна чыкты. Тил учунда — айтайын дегенин айтпай калуу, токтотуп коюу. Ал тамашасын тилинин учунда токтотту (Сыдыкбеков). Көз учунда — алыста, кыжеткен жерде; көз алдында. Көк муз жамынган төрлөрү да көз учунда мелтирейт (Сыдыкбеков). Ашым көз учунан жамыратып, дептерди кайра барактады (Сыдыкбеков). Учу-кыйыр к. кыйыр. Учу узарууиши илгерилөө, жакшылыкка жетүү, укум-тукуму көбөйүү. Учуң узарсын кагылайын! Эмгек учуңду узартып, уругуңду көбөйтөт! (Жантөшев).
УЧ II: эс-учун жыюу к. эс I.
УЧ III этиш. 1. Асманга, абага көтөрүлүү (мис., канаттуулар, самолёт ж. б.) Карагай-Булак, Чоң-Ак-Суу, Көлдөн учту көп ак куу (Сыдыкбеков).
2. Тез чуркоо, тез жүгүрүү, тез жүрүү. Туяктын чаңы буркурап, Тулпарым учат зыркырап (Аалы).
3. Тез өтүү (мис., мезгил, убакыт). Күндөр учту, балапандай шакшадың, Класстардан класстарга аттадың (Аалы). Учат-учат аяңдабай, Өмүр деген дилгирем (Аалы).
4. Жыгылып түшүү, кулап түшүү, ыргып кетүү. Зоодон учкан ошол күнку Кара мерген эсимде (Аалы). Көк сүлөөсүн кундуз бөрк, Учуп түштү баштагы («Манас»).
5. Алга карай умтулуу, тез илгерилөө. Күндөп гүлдөп алгалап, Темптер менен учабыз (Аалы).
6. Эргүү, толкундануу. Кыялы учту. Көңүлү көккө учту.
7. өт. Өлүү. Күкүгүм учту элимден, Күлпөтүм кетти жеримден (Токтогул).
Көздөн учуу к. каз. Жүрөгү алып учуу — жүрөгү токтоно албоо. Жүрөгүм алып учуп, уктагым келбеди (Жантөшев). Куту учуу — 1) бакты-таалайы кетүү, иши кыйшаңдоо; 2) абдан коркуп кетүү, үрөйлөнүп, өңү өзгөрө түшүү. Учуп-күйүү — кандайдыр бир нерсеге катуу шашуу, жан алакетке келүү, өтө тез кыймылдоо же өтө капа болуу. [Койчу] учуп-күйүп барып, чаначына суу алып келип,.. алоолонто от жакты (Сасыкбаев). Үрөйү учуу — абдан коркуп кетүү, коркуп, өңү өзгөрө түшүү. Эки жолдошу аны [Кычанды] бул абалдан кутказмак турсун, өзүлөрүнүн үрөйлөрү учту (Бейшеналиев). Экинчи жолу, жигиттер, кымыз куйганда үрөйүм учту (Абдукаримов). Окко учуу — ок тийип өлүү, октон өлүү. Айткулу үркүндө окко учкан (Баялинов). Аты окко учкан башы аман Жаралуу болгон далай жан («Манас»).


Хотите добавить свой перевод для слово: "уч"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru