Menu
Эл-Сөздүк

ТЕБЕТЕЙ

«Бөрү атаар уулду бөркүнөн тааны» (макал). Бул — салттуу баш кийимдердин бири. Анын жердиги көрпөдөн да, суусардан да, сүлөөсүндөн да, түлкүдөн да, кундуздан да, ж.б.у.с. баалуу аң терилеринен да тигилген төгөрөк баш кийим. Анын төрт талаасы болуп, бул төрт бөлүк бычылат. Тебетей тышын адамдын жаш өзгөчөлүктөрүнө карата тигишет. Мисалы, кара, күрөң тыш тебетейлер улгайгандарга, кызыл, жашыл, көк кездеме тыш жаштар кийүүгө ылайыкташат. Ичине кебез менен жүн салынып шырылат. Анын дубайнасынын ортосунда да жүн же кебез имериле коюлуп тигилет. Тебетейдин төрт талаасы бириктирилип, капшыра тигилгенде кийимдин төбөсү төрт бурч болуп чыгат. Илгерки тебетейлер кийгизилип, көрпөнүн учуна кайрылуучу. Чети тышына бириктирилген соң көрпө сырт жагына кайрылат.
      Кыздардын кызыл манат, жашыл, көк баркыт менен тышталган кундуз тебетейлеринин төбөсүнө булая үкү тагылат да, шуру, бермет тизилип, ал асыл заттар менен кооздолот. Ал эми эркектердин тебетейлеринин төбөсүнө топ чачыктан «чок» тагылат.

тебетей

тебетей (тебетай эмес)
тебетейин кийиштирүү
тебетейин көккө ыргытуу

тебетей

зат. Кыруусуна көрпө же ан. терилери (түлкү, суусар, кундуз ж.б. териси) салынып тигилген жылуу баш кийим. Эски түлкү тебетейин кырдантып, Оңдоп кийип мандаш урду Акынбай (Аалы). Бир тутам үкү тагынган, кундуз тебетей кийген Атабектин кызы Кылымкан (Жантөшев).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числотебетей
Множ. числотебетейлер
Синонимы
тумак
Склонение по падежам - "тебетей"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?тебетей
Родительный Чей?тебетейдин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?тебетейге
Винительный Кого?, Что?тебетейди
Местный Где?, У кого?тебетейде
Исходный Где?, У кого?тебетейден
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?тебетейлер
Родительный Чьи?тебетейлердин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?тебетейлерге
Винительный Кого?, Что?тебетейлерди
Местный Где?, У кого?тебетейлерде
Исходный Откуда?, От кого?тебетейлерден

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: