ТҮШКҮН |
Мыкты камчыны «булдурсун» деп коет. Аны көбүнчө жоокерчиликте камчылана турган. Ал берки камчыларга караганда түшкүнү да чоң болот. Элик сап, тобулгу сап камчылары кол жеткиздей шөкөттөө менен бирге ага «кош түшкүн» чыгарган чеберлер да жолугат. Айрым жерлерде булдурсун үчүн торпоктун же койдун боор терисинен көк кылып тилип, бекем тартып алып, бир көктү эки тал көктүн арасынан өткөрүп отурат. Анда оң тарабынан да, сол тарабынан да бир көк эки көктүн арасынан өтүп отурат. Түшкүндү кидергиге (сыдыргыга) самындап тартканда тегиз төрт кыр көрүнүп, ал эч качан жанбайт. Түшкүндүн өрүмү өзгөрбөйт. Айтымында, жердеги тебетейин камчы менен илип алганда түшкүнү (өрүмү) ийилип коюучу эмес экен, көк канчалык ипичке тилинсе, көк ошончолук сыйда көрүнөт. Кылдат чеберлер түшкүндүн жанбашы үчүн камчы чачысынын түбүнөн, ортосунан жана учунан түйүм чыгарышкан. |
түшкүн |
түшкүнгө |
түшкүн- |
|
түшкүн |
|
Найти все переводы слова "ТҮШКҮН" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ТҮШКҮН"?
Ввойти
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
ТҮШКҮН