-
сулуу
-
сын. 1. Өңдүү-түстүү, өңү-түсү, мүчөсү келишимдүү, татынакай. Тунук сулуу Канышай Он алтыда, өзү жаш («Курманбек»).
2. Өңу-түсү жакшынакай аял, кыз. Кара көздүү сүйкүм сулуу Кайда жүрөт болду экен? (Бөкөнбаев). Ар ким сүйүп караса, Сулуунун көркү жүзүндө («Мендирман»).
3. Көргөнгө көрктүү, кооз, суктандырарлык, көрүнүшү сонун, жагымдуу. Макмалга сайма сайгандай Кавказдын сулуу жерин көр (Аалы). Дүйнө жүзүнүн баары аппак болуп, айлуу түн таптаза, сулуу көрүнөт (Байтемиров). Кыргый куштун сулуусу (Барпы). Ала-Тоо бизге бирдей кышы-жайың, Сулуусуң жылдар аттап өткөн сайын (Шүкүрбеков). Токтолуп терең чыккан сырдуу шыбыш Толкутуп назик, сулуу үнгө салды (Бөкөнбаев).
4. Одуракай эмес, жылмакай, сыйда, текши, тегиз. Жыгаччы болгон адамга Сыйда сулуу тал жакшы («Мендирман»).
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | сулуу |
Множ. число | сулуулар |
Склонение по падежам - "сулуу"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | сулуу |
Родительный Чей? | сулуунун |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | сулууга |
Винительный Кого?, Что? | сулууну |
Местный Где?, У кого? | сулууда |
Исходный Где?, У кого? | сулуудан |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | сулуулар |
Родительный Чьи? | сулуулардын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | сулууларга |
Винительный Кого?, Что? | сулууларды |
Местный Где?, У кого? | сулууларда |
Исходный Откуда?, От кого? | сулуулардан |
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
сулуу