Меню
Эл-Сөздүк

сулуу

сулуу (сын а.)
сулуу сымак
сулууча келген

сулуу

сын. 1. Өңдүү-түстүү, өңү-түсү, мүчөсү келишимдүү, татынакай. Тунук сулуу Канышай Он алтыда, өзү жаш («Курманбек»).
2. Өңу-түсү жакшынакай аял, кыз. Кара көздүү сүйкүм сулуу Кайда жүрөт болду экен? (Бөкөнбаев). Ар ким сүйүп караса, Сулуунун көркү жүзүндө («Мендирман»).
3. Көргөнгө көрктүү, кооз, суктандырарлык, көрүнүшү сонун, жагымдуу. Макмалга сайма сайгандай Кавказдын сулуу жерин көр (Аалы). Дүйнө жүзүнүн баары аппак болуп, айлуу түн таптаза, сулуу көрүнөт (Байтемиров). Кыргый куштун сулуусу (Барпы). Ала-Тоо бизге бирдей кышы-жайың, Сулуусуң жылдар аттап өткөн сайын (Шүкүрбеков). Токтолуп терең чыккан сырдуу шыбыш Толкутуп назик, сулуу үнгө салды (Бөкөнбаев).
4. Одуракай эмес, жылмакай, сыйда, текши, тегиз. Жыгаччы болгон адамга Сыйда сулуу тал жакшы («Мендирман»).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик сансулуу
Көптүк сансулуулар
Жөндөлүшү - "сулуу"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?сулуу
Илик Кимдин? Эмненин?сулуунун
Барыш Кимге? Эмнеге?сулууга
Табыш Кимди? Эмнени?сулууну
Жатыш Кимде? Эмнеде?сулууда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?сулуудан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?сулуулар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?сулуулардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?сулууларга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?сулууларды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?сулууларда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?сулуулардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: