Menu
Эл-Сөздүк

суу

суу (суюктук)
суу агызгыч
суу аралашма
суу ашырбоо
суу байлыктары
суу бара
суу болуу
суу бою
суу бөлгүр
суу бүргөлөр зоо.
суу бүркүттөр
суу деңгээли
суу жаныбарлары
суу жеткирүү
суу жинди
суу жолу
суу жоолук (сүлгү)
суу жугузбоо
суу жукпас
суу жүрөк (коркок)
суу жылан
суу инженери
суу ичкендей болуу
суу кагаз
суу кадастры (а. ч.)
суу карек
суу кечирүү
суу кечпеген сөз
суу кошпоо
суу куйду
суу куймасы
суу куйса төгүлгүс
суу куйса чайпалгыс
суу курулуш архитектору
суу май (өсүмдүк майы)
суу массаж
суу менен дарылоо
суу мончок
суу мунарасы (тех.)
суу мурун
суу мылтык
суу нугу
суу объектиси
суу оору (вет.)
суу өлчөгүч
суу өсүмдүктөрү (бот.)
суу өткөрбөөчү катмар
суу пайдалануу
суу режими
суу ресурстары
суу сактагыч
суу самолёту
суу самын (шампунь)
суу сепкендей болуу
суу сийдик
суу сузгуч (тех.)
суу тартарлар (зоол.)
суу ташкыны
суу текелер (зоол.)
суу техникасы
суу тилмеч
суу топтомо
суу турбинасы
суу укугу
суу чарбасы
суу ченегичтер (зоол.)
суу чечек
суу чорго
суу чөлмөктөр (зоол.)
суу чыгымы
суу чычкандар (зоол.)
суу электрстанциясы
суу энергетикасы
суу эрозиясы
сууга салуу
сууга түшкөн чычкандай
суугуна тоңуп, ысыгына күйүү
суудай билүү
суудан кечкиче
суудан кургак чыгуу

суу

I зат. 1. Булак, өзөн, дарыя, көл, деңиздерди пайда кылуучу, химиялык жагынан алганда водород менен кислороддун кошулушунан келип чыккан түссүз суюктук. Суужерге, байлык — элге (макал).
  1. 2.                  Өзөн, дарыя. Куюп жатат Чычканга Жети-Суудан эки суу (Токтогул). Сызылат башка суудай чыкпайт чуусу, Менсинет, көйрөңдөнбөйт Москвасуусу (Аалы).
  2. 3.                  Кургак эмес, ным. Суу болгон кийимдериңерди кургаткыла (Жантөшев). Суу тал. Суу отун.
  3. 4.                  Жемиштин, мөмөнүн суюк маңызы, ширеси жана ошол сыяктуу суюктуктар; Азыраак компоттун суусун ичтим (Жантөшев).

Жер-суу — тиричиликке жана чарбачылык иштерин жүргүзүүгө ылайык шарттары менен бирге жалпы эле жерге карата айтылган жалпылоочу сөз. Кедейлер жер-сууга ээ болгон заман. Колхоздун жер-суусу. Отун-суу — үй тиричиликке эң эле зарыл болгон отун, суу сыяктуу оокат-тиричилик жөнүндө жалпылай айтылган сөз. Эгин-тегинге, чөп-чарга, отун-сууга каралашып берип, насыяңарды үзөрсүңөр! (Жантөшев). Сууга алуу — өлгөн адамдын сөөгүн жууп-тазалоо. Агын суу — аккан суу; токтотулуп коюлбаган, агып жаткан суу. Суу сактагыч — сууну токтотуп, көбөйтүү, топтоо, сактоо үчүн курулган жасалма көлмө. Топон суу — диний түшүнүк боюнча: адамдардын күнөөсү үчүн кудай жазалап бут дүйнө жүзүн каптаткан сел, суу ташкыны. Топон суу жетпес Бээжинге Токтобой кыргын салам деп («Манас»). Кара суу — саздак жерлерден сызылып чыгып чогулган суу. Мойнуна кара таш байлап, Кара сууга салган ким? (Аалы). Асты жагы Ит кечпес, Имерилген кара суу («Манас»). Оозунан кара суу келүү — курсагы ачып, өзөгү караруу, оозунан суу келүү. Ичер суу — адамдын жашоосу, көрөр күнү, өмүрү. Маани жайын байкасам, Ичер суум куруптур («Мендирман»). Жүрөгүнүн сары суусун алуу — коркутуп, санааркатып бүтүрүү, чочуркаган, санааркаган абалга жеткирүү. Жинди суусүйл. арак, ичкилик. Жүргөн жери ызычуу Эч кимге жакпас жинди суу (Шүкүрбеков). Суу мончок — тунук мончок, айнектен жасалган мончок. Турдукан кунандын көкүлүнө, куйругуна суу мончок такты (Бейшеналиев). Суу кагаз к. кагаз. Суу жоолук — сүлгү. Шалактатпай бутумду Суу жоолук менен таңайын («Эр Табылды»). Суу май — өсүмдүк майы. Суу майга жасалган этсиз, тузу ачуу капуста сорпо (Абдукаримов). Суу мылтык — суу сордуруп жана кайра аны атырылта чачыратып ойнош үчүн түтүктөн (көбүнчө балтыркандын сөңгөгүнөн) насос өңдөнтүп жасаган оюнчук. Суу мылтык кылып алышып, Атып жүрөт балалык (Токтогул). Суу жүрөк — коркок, жалтак. Колтугуна суу бүркүү к. колтук. Суу куйса төгүлгүс же чайпалгыс — бөжүгөн, жүрүшү тынч, бөжүгөн жүрүштүү, мыкты (жоргого карата). Биздин колхоздун суу куйса төгүлгүс сур жоргосу жарышта биринчи болуп келди. Көктүн суусу — кымыз, айран, сүт жөнүндө жалпылап айтылган сөз. Бел суу — эркектин уругу; сперма. Мурдуна же тумшугуна суу жетүү — мүңкүрөгөн абалга жетүү; айласы кетип, турасы түгөнүү. Сиркеси суу көтөрбөө — эч нерсени уккусу келбөө, туталануу.
СУУ II этиш. 1. Илеби кайтуу, муздоо, салкын тартуу. Тамак сууп, эртеден бери столдо ичилбей туруп калды («Чалкан»). Абаз абанын ысыгы тез сууп, тез кеч киришин чыдамсыздык менен күтүүдө (Таштемиров).
2. Мурдагыдай болбой калуу, кызуу болбой калуу, көңүлү кала түшүү, деми кайтуу, басаңчалоо. Жакшы кеңеш угамын деп айткан Жанболоттун көксөсү сууп, көчөгө чыкты (Шимеев). Эненин кызыл өңү бозоруп, сабыры сууй түштү (Сыдыкбеков).
3. Тапталуу, көкүрөгү басылуу, мыкты чуркай турган болуп бышыгуу. Аргымак сууйт тер менен («Олжобай менен Кишимжан»). Сууп калган буудандар, Сүмбөдөй болуп жарады («Семетей»). Аттар сууп калганда, Таңга супа салганда («Эр Табылды»).
Изи сууй элек — көп убакыт өтө элек, эскире элек, унутула элек. Эл аягы сууган кез — баскан-тургандар, келгенкеткендер азайып, сейрек тартып калган, тынчып калган мезгил, учур.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числосуу
Множ. числосуулар
Склонение по падежам - "суу"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?суу
Родительный Чей?суунун
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?сууга
Винительный Кого?, Что?сууну
Местный Где?, У кого?сууда
Исходный Где?, У кого?суудан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?суулар
Родительный Чьи?суулардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?сууларга
Винительный Кого?, Что?сууларды
Местный Где?, У кого?сууларда
Исходный Откуда?, От кого?суулардан

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: