-
сабак
-
I зат. Өсүмдүктөрдүн гүлү, мөмөсү же жалбырактары туташып өскөн бөлүгү. Ашкабактын сабагы. Алма сабагынан ашып түшпөйт (макал). Гүлдөр сабагынан үзүлүп түшө элек.
САБАК II зат. Ыр түрүндө жазылган чыгарманын бир бөлүгү. Эки сабак ыр. Ала дуңган, көк тамак, Айтылып өтсүн бир сабак (Тоголок Молдо). Медет бир сабак ыр жазып, Акматка окуп берди («Советтик Кыргызстан»).
САБАК III зат. 1. Окутуу ишинде өтүлүүчү ар кандай предметтер. Арифметика сабагы. География сабагы.
2. Окутула турган билим тармагына (предметтерге) карата ыйгарылып бөлүштүрүлгөн сааттар. — Бүгүн канча сабагың бар? — деп сурады директор башталгыч класстардын мугалиминен («Ала-Тоо»).
3. Таалим, үлгү. Ак сакал болгон Токомдон Акындык сабак алган жер (Аалы).
4. өт. Кандайдыр бир окуядан, кырсыктан улам пайда болуп, кийин эске алууга байкай жүрүүгө туура келген ой, жыйынтык. Бул сен үчүн сабак болсун. Айгырдын уурдалышы бизге чоң сабак болду (Байтемиров).
Найдены по другим направлениям
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | сабак |
Көптүк сан | сабактар |
Жөндөлүшү - "сабак"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | сабак |
Илик Кимдин? Эмненин? | сабактын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | сабакка |
Табыш Кимди? Эмнени? | сабакты |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | сабакта |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | сабактан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | сабактар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | сабактардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | сабактарга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | сабактарды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | сабактарда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | сабактардан |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
сабак