Меню
Эл-Сөздүк
Перевести через онлайн Переводчик
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числорезидент
Множ. числорезиденттер
Склонение по падежам - "резидент"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?резидент
Родительный Чей?резиденттин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?резидентке
Винительный Кого?, Что?резидентти
Местный Где?, У кого?резидентте
Исходный Где?, У кого?резиденттен
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?резиденттер
Родительный Чьи?резиденттердин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?резиденттерге
Винительный Кого?, Что?резиденттерди
Местный Где?, У кого?резиденттерде
Исходный Откуда?, От кого?резиденттерден

Примеры переводов: резидент

Кыргызский Русский
Өлкө чегинен тышкары резидент эместер тарабынан чыгарылган (эмитирленген) электрондук акча. Электронные деньги, выпущенные (эмитированные) нерезидентами за пределами страны.
Өкмөттүн жана резидент эместердин депозиттерин эске албаганда, жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, ошондой эле башка финансы-кредит мекемелеринин депозиттери. Депозиты физических и юридических лиц, а также депозиты других финансово-кредитных учреждений, при этом исключаются депозиты Правительства и депозиты нерезидентов.
Бул, резиденттердин белгилүү бир күнгө карата резидент эместер алдында орун алган шартсыз милдеттенмелеринин төлөнбөгөн суммасын түшүндүрөт. Ал келечекте белгилүү бир учурда (учурларда) пайыздардын жана/же негизги карыздын карыз алуучу (карыз алуучулар) тарабынан төлөнүшүн талап кылат. Представляет собой невыплаченную сумму текущих безусловных обязательств резидентов перед нерезидентами на определенную дату, который требует выплаты (выплат) заемщиком (заемщиками) процентов и/или основного долга в определенный момент (моменты) в будущем.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоодон өткөн жана акча которуу системасынын ишин камсыз кылган, түзүлгөн өлкөнүн финансылык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү уруксат берүү документине (лицензияга, каттоо сертификатына) ээ Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы, резиденти жана резидент эмеси. Юридическое лицо, резидент или нерезидент Кыргызской Республики, имеющее соответствующие разрешительные документы уполномоченного органа по финансовому надзору страны происхождения (лицензия, регистрационный сертификат и т.п.), прошедшее регистрацию в Национальном банке Кыргызской Республики и обеспечивающее функционирование системы денежных переводов.
Ченемдик укуктук актылардын алкагында, эл аралык төлөм системаларынын эрежелерине жана анын операторлорунун (Кыргыз Республикасынын резидент эместеринин) талаптарына ылайык чыгарылган жана тейлөөгө алынган эл аралык карттарды пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү системасы. Системада, анын катышуучулары ортосунда картты пайдалануу менен төлөмдөр боюнча чет өлкө валютасында өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү эрежелери белгиленет. Система расчетов с использованием международных карт, эмитируемых и обслуживаемых в соответствии с правилами международных платежных систем и требованиями ее операторов (нерезидентов Кыргызской Республики) в рамках нормативных правовых актов. Системой устанавливаются определенные правила осуществления взаимных расчетов в иностранной валюте по платежам с использованием карт между участниками системы.
Өлкөнүн тышкы финансылык активдери жана милдеттенмелери менен операциялары төлөм теңдеминин финансылык эсебине кирет. Өлкөнүн тышкы финансылык активдери монетардык алтындан, ЭВФтин атайын карыз алышуу укуктарында авуарлардан жана резидент эместерге карата талаптардан турат. Өлкөнүн тышкы милдеттенмелери резидент эместердин резиденттерге карата талаптарынан турат. Финансылык эсепти классификациялоо эң оболу, чет өлкө инвестицияларынын функционалдык багытына негизденген: тике, портфелдик жана башка инвестицияларга; туунду финансылык инструменттерге; резервдик активдерге бөлүнөт. К финансовому счету платежного баланса относятся операции с внешними финансовыми активами и обязательствами страны. Внешние финансовые активы страны состоят из монетарного золота, авуаров в специальных правах заимствования МВФ и требований к нерезидентам. Внешние обязательства страны состоят из требований нерезидентов к резидентам. Классификация финансового счета основана, в первую очередь, на функциональном предназначении иностранных инвестиций: различают прямые, портфельные и прочие инвестиции; производные финансовые инструменты; резервные активы.
Акча-кредиттик жөнгө салуу органдарына (же акча-кредиттик жөнгө салуу органдары аларга таасирдүү контролдукту жүзөгө ашыра алган башка субъекттерге) тиешелүү болгон, 995/1000ден төмөн болбогон сапаттагы камдык актив катары сакталып турган алтын. Куйма алтынды жана алтындын берилишин талап кылуу укугун чегерген, резидент эместер менен алтын эсебин камтыйт. Куйма алтын 995 сапат белгисине ээ таза металлдан жасалган монета, куйма формасында болот, буга жооптуу сактоо эсептеринде турган алтын да кирет. Борбордук банктын эсептеринде финансылык актив катары сакталып туруучу, өлчөнгөн куймалар рыногунун Лондон ассоциациясынын эл аралык «Good delivery» стандартындагы куйма алтын запасы. Золото пробы не ниже 995/1000, которое принадлежит органам денежно-кредитного регулирования (или другим субъектам, в отношении которых органы денежно-кредитного регулирования осуществляют действующий контроль) и хранится ими в качестве резервного актива. Включает золото в слитках и обезличенные золотые счета с нерезидентами, которые дают право требовать поставки золота. Золото в слитках имеет форму монет, слитков или брусков с чистым содержанием металла не менее 995 пробы, включая такое золото, хранимое на золотых счетах ответственного хранения.
Запас золота в слитках международного стандарта «Gooddelivery» Лондонской ассоциации рынка мерных слитков (LBMA), хранимый в качестве финансового актива на счетах центрального банка.
Активдерге ээлик кылууга укуктуу, өзүнө милдеттенмелерди алып, чарбалык ишкердикти жүргүзгөн жана башка чарбалык бирдиктер менен операцияларды ишке ашырган чарбалык бирдик. Ар бир институционалдык бирдик активдер жана милдеттенмелер боюнча баланстык ведомостторду кошо алганда, чарбалык ишкердиктин эсебин жүргүзүүгө же аны зарылчылыкка жараша ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. Институционалдык бирдиктердин эки түрү бар: жеке адамдар же үй чарбаларында алектенген адамдардын тобу жана корпорацияларды, коммерциялык эмес уюмдарды жана мамлекеттик мекемелерди түшүндүргөн юридикалык жактар. Институционалдык бирдик-резидент экономиканын беш секторун түптөйт: финансылык эмес корпорацияларды, финансылык корпорацияларды, мамлекеттик мекемелерди, үй чарбаларын, үй чарбаларын тейлеген коммерциялык эмес уюмдарды. Хозяйственная единица, которая имеет право владеть активами, принимать на себя обязательства и заниматься хозяйственной деятельностью и операциями с другими хозяйственными единицами. Каждая институциональная единица должна либо вести учет хозяйственной деятельности, включая балансовые ведомости по активам и обязательствам, либо иметь возможность вести его по мере необходимости. Существуют два вида институциональных единиц: физические лица или группы лиц, занятые в домашних хозяйствах, и юридические лица, представляющие корпорации, некоммерческие организации и государственные учреждения. Институциональная единица-резидент образуют пять секторов экономики: нефинансовые корпорации, финансовые корпорации, государственные учреждения, домашние хозяйства, некоммерческие организации, обслуживающие домашние хозяйства.
Өлкөнүн төлөм теңдеминин бөлүгү, анда товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөр экспортунун жана импортунун көлөмү, анын инвестициялардан таза кирешесинин көлөмү жана трансферттик төлөмдөрдөн таза көлөмү белгиленген. Төлөм теңдеминин күндөлүк операцияларынын эсебинде резиденттер жана резидент эместер ортосунда жүргүзүлгөн экономикалык баалуулуктар менен кайсы болбосун операциялар (финансылык активдерди жана милдеттенмелерди эске албаганда) камтылат. Ошондой эле, мында күндөлүк керектелүүчү баалуулуктарды кайтарымсыз берүү же алууга байланыштуу операциялар да эске алынган. Мында, товарлар, кызмат көрсөтүүлөр, кирешелер жана күндөлүк трансферттер да камтылган. Товарлар, кызмат көрсөтүүлөр, кирешелер жана күндөлүк трансферттер боюнча сальдону негизинен, “күндөлүк операциялар боюнча сальдо” же “күндөлүк операциялар эсебинин сальдосу” деп аташат. Раздел платежного баланса страны, в котором фиксируются объемы ее экспорта, импорта товаров и услуг, ее чистого дохода от инвестиций и чистого объема трансфертных платежей. Счет текущих операций платежного баланса охватывает любые операции с экономическими ценностями (кроме операций с финансовыми активами и обязательствами), совершаемые между резидентами и нерезидентами. Также учитываются операции, связанные с безвозмездным предоставлением или получением ценностей, предназначенных для текущего использования. Включаются товары, услуги, доходы и текущие трансферты. Сальдо по товарам, услугам, доходам и текущим трансфертам обычно называют «сальдо по текущим операциям» или «сальдо счета текущих операций».
1) Бир өлкөдөн экинчи өлкөгө төлөмдөр түрүндө акча каражаттарынын жылышын чагылдырган таблица, ведомость. Төлөм теңдеми белгилүү бир мезгил ичинде бир өлкө тарабынан чет өлкөгө жөнөтүлгөн төлөмдөрдүн жана ошол эле мезгил ичинде башка бир өлкөгө келип түшкөн суммалардын катышын мүнөздөйт. Акча каражаттарынын түшүүсү алардын чыгымдалышынан ашкан төлөм теңдеми активдүү, ал эми карама-каршы келген учурда – пассивдүү деп аталат. Соода балансы төлөм теңдеминин бөлүгү болуп саналат, анда товарлардын таза экспорту, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн таза экспортунан турган күндөлүк операциялар балансын, инвестициялардан кирешелерди, которууларды жана капиталдын агылып чыгуусунан жана агылып кирүүсүнөн турган капиталдын жылышы балансын камтыйт. Эрежедегидей эле, күндөлүк операциялар эсебинин сальдосу жана капиталдын жылышынын сальдосу теңдештирилет;
2) Төлөм теңдеминде өлкөнүн башка өлкөлөр менен белгилүү бир мезгил аралыгындагы тышкы экономикалык операциялары тууралуу суммардык маалыматтар системага салынган түрүндө чагылдырылат.
Көпчүлүгү резиденттер жана резидент эместер ортосунда ишке ашырылган мындай операцияларга товарлар, кызмат көрсөтүүлөр жана кирешелер менен операциялар; ошол өлкөнүн калган өлкөлөргө карата финансылык талаптарына жана милдеттенмелерине байланыштуу операциялар; трансферттер катары классификацияланган (мисалы, тартуулоого тиешелүү) операциялар кирет.
1) Таблица, ведомость, отражающая движение денежных средств в виде платежей из страны в страну. Платежный баланс характеризует соотношение сумм платежей, произведенных страной за границей в течение определенного периода и поступивших в страну в течение того же периода. Платежный баланс, в котором поступления денежных средств превышают их расходование, называют активным, а в противоположном случае
– пассивным. Частью платежного баланса является торговый баланс, который включает чистый экспорт товаров, баланс текущих операций, состоящий из чистого экспорта товаров и услуг, доходов от инвестиций, переводов и баланса движения капитала, состоящего из оттока и притока капитала. Как правило, сальдо счета текущих операций и сальдо движения капитала балансируются;
2) Статистический отчет, в котором в систематизированном виде приводятся суммарные данные о внешнеэкономических операциях страны с остальным миром за определенный период.
К таким операциям, большинство из которых совершается между резидентами и нерезидентами, относятся операции с товарами, услугами и доходами; операции, связанные с финансовыми требованиями и обязательствами данной страны по отношению к остальному миру; операции, классифицируемые как трансферты (например, дарение).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: