Меню
Эл-Сөздүк

Комуз

Комуз – чертме кылдуу музыкалык аспап. Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптарынын негизгилеринин бири. Комуз байыркы мезгилден бери белгилүү жана анын пайда болушун элдик уламыштагы аңчылык менен байланыштырат. Комуз өрүктүн, алмуруттун, карагайдын, арчанын, жапан талдын жыгачынан негизги бөлүгү алмурут түспөлдөнтүп чабылат. Ал баш, моюн, тулку, чара, капкак, куткун, тепкек, үч кулак, үч кылдан турат. Кулагы өрүктөн, арчадан же мүйүздөн жасалат, ал эми кылдары көбүнчө койдун ичегисинен жасалган. 20-к. аспаптар оркестринде пайдалануу үчүн комуздун модернизацияланган түрлөрү пайда болду. Кылдары да жасалма жиптен тагылып калды. Азыр комуздун өркүндөтүлгөн беш түрү бар. Электр-комуз да колдонулуп жүрөт. Айрым усталар мурдагыдай туюк чапай, курама жол менен да жасап жатышат (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 245-б.).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санкомуз
Көптүк санкомуздар
Байланыштуу сөздөр
черт
күү
комузчу
комузчулук
Жөндөлүшү - "комуз"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?комуз
Илик Кимдин? Эмненин?комуздун
Барыш Кимге? Эмнеге?комузга
Табыш Кимди? Эмнени?комузду
Жатыш Кимде? Эмнеде?комузда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?комуздан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?комуздар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?комуздардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?комуздарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?комуздарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?комуздарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?комуздардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:

RU


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: