Меню
Эл-Сөздүк

Арбак

Арбак (ар. рух). – эл ишениминде өлгөн денеден бөлүнүп, өз алдынча жашоосун улантуучу адам жаны, элеси, сөлөкөтү. Ата-бабанын арбагын ыйык эсептеп урматтоо расмиси түрк-монгол элдеринин, анын ичинде кыргыздардын оозеки чыгармаларында (уламыш-жомоктор, дастандар ж.б.) байыртадан кеңири таралып, өзүнчө жалпылыкты түзөт. Арбакка ишенүү жана аларга арнап курмандык чалуу каада-салттарын өткөрүү кыргыздарда исламга чейин эле белгилүү болгон. Кеңири аймактарга белгилүү болгон арбак жөнүндөгү миф денеден бөлүнүп чыккан «жан» (киши көзү өткөндө) тиги дүйнөдө жашоосун улантат деген түшүнүккө негизделген. Арбакка сыйынуу, аны ыйык саноо ишеними кыргыздардын ишениминде, элдик дастандарда терең сиңген. Ата-бабалардын арбактары кыйын шарттарда колдоп, аларга жардам кылып, дем берип туруучу сыйкырдуу күчтүн милдетин аткарат деген ишеничте болушат (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 58-б.).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: