Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - Арбак
 

АРБАК

 
АРБАК (арабча рух) — эл ишениминде өлгөн денеден бөлүнүп, өз алдынча жашоосун улантуучу адам жаны, элеси, сөлөкөтү. Ата-бабанын А-ын ыйык эсептеп урматтоо расмиси түрк, моңгол элдеринин, анын ичинде Орто Азия элдеринин оозеки чыгармаларында кеңири таралып, өзүнчө жалпылыкты түзөт. Мындай кеңири аймакка белгилүү болгон А. жөнүндөгү миф денеден бөлүнүп чыккан «жан» (киши өлгөндө) тиги дүйнөдө жашоосун улантат деген түшүнүккө негизделген. А-ка сыйынуу, аны ыйык саноо ишеними эпосто кеңири кездешет. Ата-бабалардын А-ы эпикалык каармандарды кыйын шарттарда колдоп, аларга жардам кылып, дем берип туруучу сыйкырдуу, касиеттүү күчтүн милдетин аткарат. «Семетейде» Манастын А-ы өзүнүн жакын чоролору менен Семетейди кысталыш жерлерде дайыма колдоп жүргөндүгү баяндалат. Семетей туулган жери Таласты биринчи жолу көргөнү келгенде (к. Семетейдин сюжети) энеси Каныкейдин айткан аманатын аткарып, ата-бабасынын А-ына сыйынып, атасы Манастын күмбөзүнө зыярат кылып, курмандык чалат. Талас суусун кечип өткөндө да аны кырк чилтен колдоп, Манастын пирлери жандайт. Ошондо Манастын А-ы көрүнүп:
Атышка кирип барганда,
Каарданып бакыргын,
Кысталып жоого келгенде,
Сен, балам, Манастап ураан чакыргын!
Арбагым азыр бар болсо,
Балам ар жерден колдоп аламын,— дейт.

А-ка сыйынуунун, А-тын күчүнө ишенүүнүн үлгүсү «Каныкейдин Тайторуну чапканы» аттуу эпизоддо чагылдырылган. Байгеге төлгө кылып чабылган алтымыш асый Тайторуну Манас жана анын чоролору Алмамбет, Чубак, Сыргактын А-тары сүрөөгө алышып, мөрөйгө биринчи болуп келишине колдоо көрсөтүшөт. Эпостун бардык бөлүктөрүндө кыялый жалган түшүнүккө негизделген кереметтүү күч катары А. тирүү адамдарга колдоо көрсөтүшкөн диний-мифологиялык маанисинде жана элди, жерди, айрыкча эпикалык каармандарды идеалдаштырууда өзгөчө поэтикалык ык катарында колдонулат.
С.Алиев

арбак

 
арбак (арыбак эмес) (миф.)
арбагы, арбакка
арбак колдосун!
арбак ургур!

Арбак

 
Арбак (ар. рух). – эл ишениминде өлгөн денеден бөлүнүп, өз алдынча жашоосун улантуучу адам жаны, элеси, сөлөкөтү. Ата-бабанын арбагын ыйык эсептеп урматтоо расмиси түрк-монгол элдеринин, анын ичинде кыргыздардын оозеки чыгармаларында (уламыш-жомоктор, дастандар ж.б.) байыртадан кеңири таралып, өзүнчө жалпылыкты түзөт. Арбакка ишенүү жана аларга арнап курмандык чалуу каада-салттарын өткөрүү кыргыздарда исламга чейин эле белгилүү болгон. Кеңири аймактарга белгилүү болгон арбак жөнүндөгү миф денеден бөлүнүп чыккан «жан» (киши көзү өткөндө) тиги дүйнөдө жашоосун улантат деген түшүнүккө негизделген. Арбакка сыйынуу, аны ыйык саноо ишеними кыргыздардын ишениминде, элдик дастандарда терең сиңген. Ата-бабалардын арбактары кыйын шарттарда колдоп, аларга жардам кылып, дем берип туруучу сыйкырдуу күчтүн милдетин аткарат деген ишеничте болушат (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 58-б.).

арбак

 
зат. 1. Мифологиялык жана диний көз караш боюнча: өлгөндөн кийин да жакындарын колдоп, же көзгө көрүнүп жүрө бере турган сөлөкөт, элес. Тирүүдө өзүм, өлгөндө арбагым ыраазы (Сыдыкбеков). Анын кебетеси көрдөн чыгып, кепинин жамынып олтурган арбак сыяктанды (Аалы).
2. өт. Атак, даңк. Атагы чыккан ааламга, Арбагы кеткен далайга 0, ботом, эриң эсен жатабы? («Сейтек»).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санарбак
Көптүк санарбактар
Жөндөлүшү - "арбак"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?арбак
Илик Кимдин? Эмненин?арбактын
Барыш Кимге? Эмнеге?арбакка
Табыш Кимди? Эмнени?арбакты
Жатыш Кимде? Эмнеде?арбакта
Чыгыш Кимде? Эмнеде?арбактан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?арбактар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?арбактардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?арбактарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?арбактарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?арбактарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?арбактардан

Найти все переводы слова "Арбак" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Арбак"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru