-
ЖАА
-
ЖАА — жебе менен атуучу жоокердик курал. Дого сымал ийилген серпилгич катуу жыгачтын эки учу жип тептир менен катуу тартылып байланат. Жебенин түп жагын Ж-нын тептиргесине такай катуу тартып туруп, мээлеген нерсени көздөй коё берет. Ж. адамзат тарыхынын бардык этаптарында: согуштук беттешүүлөрдө, уучулукта, мелдештерде (жамбы атуу) кеңири пайдаланылган. Ж. дүйнөнүн бардык элдеринде (Австралия менен Микронезиянын жергиликтүү элдеринен башка) мезолит (б. з. ч. 12—7-к) доорунан б. з. 17-кылымына (кээ бир жерлерде азыр да бар) чейин колдонулган. Ж-нын жөнөкөй жана татаал түрү бар.
Жөнөкөй Ж. тептирге, Ж. жыгач, жебе, саадак деп аталган бөлүктөрдөн турат. Адамдар Ж-нын бул түрүн Түштүк Африка, Түштүк Америка, Меланезия, Рим, Байыркы Германияда урунган. Татаал Ж-ны жасаганда, жыгачынын сырт жагына майда таралган тарамышты жыш желимдеп, ич жаккы бетин жука мүйүз менен каптайт, эки четине жана ортосундагы кармоочуна сөөктөн эн кыят. Мындай Ж-ларды гунндар, Орто Азия жана Сибирь элдери, скиф жана сармат уруулары биздин заманга чейин 1-миң жылдыкта эле колдонушкан. Кыргыз эли урунган Ж. жасалышы боюнча кытай, моңгол, араб элдерине мүнөздүү татаал Ж. түрүнө кирет. Мындай Ж-лар жергебизде кенен жолугуучу сак, усун этносторунун маданиятынан (б. з. ч. 6 — 2-кылымдарда) жана байыркы кыргыз доорунун эстеликтеринен да (6 — 10-к.) жолугат. Атак-даңктуу баатырлардын өздөрүнө гана таандык-ЭКсы болуп, ага алтын, күмүш, асыл таш чөгөрүлүп өзгөчө кооздолгон.
Ж. түрк-моңгол элдеринин эпосторунун сюжетинде жана поэтикасында көрүнүктүү орунду ээлейт. Түрк-моңгол элдеринин эпосторунда Ж. мүйүздөн кураштырылып жасалгандыгы айтылат. Тува эпосунда Ж. жетимиш тоо эчкисинин мүйүзүнөн бири-бирине туташтырылып жасалгандыгы, жебеси кара эчкинин бүтүн терисинен жасалгандыгы айтылат. «Манас» эпосунда Ж-нын эмнеден, кантип жасалгандыгы эпостун «Чоң казат» бөлүмүндө кеңири сүрөттөлөт.
К. Айдаркулов
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | жаа |
Множ. число | жаалар |
Склонение по падежам - "жаа"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | жаа |
Родительный Чей? | жаанын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | жаага |
Винительный Кого?, Что? | жааны |
Местный Где?, У кого? | жаада |
Исходный Где?, У кого? | жаадан |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | жаалар |
Родительный Чьи? | жаалардын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | жааларга |
Винительный Кого?, Что? | жааларды |
Местный Где?, У кого? | жааларда |
Исходный Откуда?, От кого? | жаалардан |
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
ЖАА