Найдены по другим направлениям
-
жаак
-
I зат. 1. Адамдын же айбандардын тиштери орногон астыңкы жана үстүңкү бет сөөктөрү. Үстүңкү жаак. Астыңкы жаак. Чап жаак.
2. Бир нерсени тиштетүү, кесүү ж.б. үчүн колдонулуучу куралдардын эки жак бөлүгү. Капкандын жаагы. Кайчынын жаагы. Жаагы катуу аттиш.
¨ Жаак басар —1) өзөк жалгагыдай аз тамак; 2) талапты бир аз канааттандыргыдай аз нерсе. Жаагын айыруу — бир нерсенин абдан тойгуча жеп, ичүү; абдан жакшы билүү же аткаруу. Кымыздын жаагын айырдык. Ал ырдын жаагын айрыйт (Сыдыкбеков). Кара жаак — тилдүү, көп сүйлөгөн. Кайда алпарып таштадың Кара жаак апаңды?! (Осмонкул). Жаагы жап болуу — унчуга албай, сүйлөй албай калуу. Сабхаттын жаагы жап болду (Сасыкбаев). Жаагыңа таш! — жамандык, жок балакет жөнүндө айтып жиберген кишиге карата «андай дебе», «антпе» деген мааниде чочуп кетип же кагуу иретинде айтылуучу сөз. — Ой, жаагыңа таш! Кара жолтой! — деп тилдеген (Сасыкбаев). Жаактан башты айыргандай кылуу — жакын адамдарынан ажыратып коюу, ыркын бузуу, арасын ажыратып салуу.
ЖААК II жаат менен бирдей.
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
жаак