Меню
Эл-Сөздүк

Слип

СЛИП (англ. slip – дүмүрчөк) – 1) кайра камсыздандыруучу тарабынан мүмкүн болуучу кайра камсыздандыруучуларга жиберилүүчү документ – сунуш, анда адатта төмөндөгүлөр камтылат: берүүчү компаниянын аталышы (цедент), кайра камсыздандыруучу тобокелчиликке мүнөздөмө, кайра камсыздандыруу суммасы, камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруунун шарттары сыйакынын өлчөмү, цедент өзүндө кармаган кошунду. Эгер камсыздандыруучу тобокелчиликти кабыл алууга макул болсо, ал С-ке өзүнүн жоопкерчилигинин үлүшүн же суммасын, датаны жана ысымын киргизет. С. юридикалык күчкө ээ эмес, бирок кийин бүтүмдү жолжоболоодо кайра камсыздандыруучу аны түзгөн убакыттын далили катары кызмат кылышы мүмкүн; 2) кошумча маалыматтар камтылган, сатылган баалуу кагазга тиркелүүчү документ; 3) импринттерде түзүлүүчү слип (карт-чек). Эгер соода түйүнүндө импринтер орнотулган болсо, аткарымдардын жасалуу фактысы ушул аткарымдардын суммасындагы С-тин (карт-чектин) 3 нускасы менен ырасталууга тийиш. С-тин биринчи нускасы карттын ээсинин жана соода түйүнүнүн өкүлүнүн колу коюлуп, эквайерге берилет, экинчиси соода түйүнүндө калат, үчүнчүсү – карттын ээсине берилет.



Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: