Меню
Эл-Сөздүк

Өкмөт

ӨКМӨТ – мамлекеттин коллегиялуу жогорку аткаруу органы. Аркайсы өлкөлөрдө аргандай аталат: Министрлер кеңеши (Франция, Италия, Польша), Министрлер кабинети (Улуу Британия, Өзбекстан), Мамлекеттик кеңеш (Кытай) ж.б.д.у.с. Ө. партиясыз, бир партиялуу жана коалициялык болушу мүмкүн. Ө-тү түзүүнүн тартиби башкаруу таризине жараша болот. Парламентардык өлкөлөрдө ал мамлекет башчысынын тапшыруусу боюнча бир палаталуу парламентте же эки палаталуу парламенттин төмөнкү палатасында көпчүлүктү түзгөн партиянын лидери (коалициялык Ө-тө партиялардын биринин лидери) тарабынан түзүлөт. Президенттик республикаларда (мындай орган конституциясында каралган мамлекеттерде) Ө. президент тарабынан түзүлөт, мында ал дайындаган арбир Ө. мүчөсү бир катар өлкөлөрдө (Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан) парламентте бекитилиши керек. Ө. мүчөлөрү (министрлер, портфелсиз министрлер, мамлекеттик министрлер, мамлекеттик катчылар ж. б. у. с.) дайындуу борбордук ведомстволорду жетектешет, парламенттик өлкөлөрдө адатта парламенттин мүчөсү болушу керек, ал эми президенттик (жарым президенттик) республикаларда министрлик портфель менен депутаттык мандаттын сыйышпастык принциби колдонулат. Парламенттардык мамлекеттерде Ө. парламент алдында (эки палаталуу парламентте – төмөнкү (кичи) палатанын алдында) коллегиалдуу жоопкерчилик тартат. Бул парламенттик көпчүлүк болбой калганда (м.: өкмөттүк коалиция ыдыраганда) Ө. кызматтан четтөөгө (бул өкмөттүк кризистин башталышын билдирет), же болбосо парламентти таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого милдеттүү экенин билдирет. Федеративдик мамлекеттерде борбордук (федералдык) Ө. жана федерациянын курамына кирген мамлекеттик түзүлмөлөрдүн (штат, провинция) Ө-төрү болот. Ө. өзүнүн толук курамында иш жүргүзүшү мүмкүн, же Ө. башчысы тарыраак (чакан) коллегия түзөт (кабинет – Улуу Британия, Индия ж. б. өлкөлөрдө).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числоөкмөт
Множ. числоөкмөттөр
Связанные слова
депутат
жарлык
Склонение по падежам - "өкмөт"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?өкмөт
Родительный Чей?өкмөттүн
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?өкмөткө
Винительный Кого?, Что?өкмөттү
Местный Где?, У кого?өкмөттө
Исходный Где?, У кого?өкмөттөн
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?өкмөттөр
Родительный Чьи?өкмөттөрдүн
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?өкмөттөргө
Винительный Кого?, Что?өкмөттөрдү
Местный Где?, У кого?өкмөттөрдө
Исходный Откуда?, От кого?өкмөттөрдөн

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: