Меню
Эл-Сөздүк

Шаар

ШААР – жашоочулары, эреже катары, айыл чарбасынан тыш чөйрөдө алектенишкен калктуу конуш. КРде төмөнкүдөй Ш. айырмаланат: республикалык, облустук, райондук баш ийүүдөгү шаарлар. Республикалык баш ийүүдөгү Ш. категориясына калкынын саны 300 миң адамдан кем болбогон, өнүккөн өнөржайга жана шаар чарбасынын баардык бөлүмдөрүнүн инфратүзүмүнө ээ жана республикалык маанидеги экономикалык жана маданий борбор болгон, жетекчиликти түздөнтүз КР республикалык бийлик органдары ишке ашыруу максатка ылайык келген калктуу конуштар кириши мүмкүн. Облустук баш ийүүдөгү Ш. категориясына калкынын саны 30 миң адамдан кем болбогон, өнөржайлык жана транспорттук түйүн же борбор болгон, кыйла өнүккөн коммуналдык чарбага ээ жана өнүккөн экономикалык жана маданий борбор болгон калктуу конуштар кириши мүмкүн. Райондук баш ийүүдөгү Ш. категориясына өнөржай ишканалары, коммуналдык чарбасы, окуу, маданий-агартуу, дарылоо жана соода мекемелеринин өнүккөн тармагы бар, калкынын саны 10 миң адамдан кем болбогон калктуу конуштар кириши мүмкүн.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числошаар
Множ. числошаарлар
Антонимы
кыштак
Связанные слова
борбор
шаардык
шаарлап
Склонение по падежам - "шаар"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?шаар
Родительный Чей?шаардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?шаарга
Винительный Кого?, Что?шаарды
Местный Где?, У кого?шаарда
Исходный Где?, У кого?шаардан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?шаарлар
Родительный Чьи?шаарлардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?шаарларга
Винительный Кого?, Что?шаарларды
Местный Где?, У кого?шаарларда
Исходный Откуда?, От кого?шаарлардан

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: